Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Чүйдө кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды


Бала бакча. Москва району. Чүй 2024
Бала бакча. Москва району. Чүй 2024

Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл аймагындагы Спартак жалпы орто билим берүү мектебинин базасында кыска мөөнөттүү (3 сааттык) бала бакча ачылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк каржылаган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунан кабарлады. Маалыматка караганда, бакча бир тайпага ылайыкташып, мында эки нөөмөттө (түшкө чейин жана кийин) 50 бала тарбияланат. Апрель айында бул райондо 16 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылса, өлкөдө алардын санын 560ка жеткирүү пландалууда.

Бакчанын ачылышына райондун акими, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Маалыматка караганда, "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Уктатуу жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү болуп, 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алары белгиленген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 миллиондон ашат. Алардын 47% жети жашка чыга электер.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте жана ири шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Мамлекет жыл сайын жаңы бакчаларды ачууга аракет кылууда, бирок алар маселени толук чече элек. Мектепке чейинки курактагы ар бир төрт баланын биринде гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү бар экени буга чейин айтылган.

Соңку кезде өкмөт жеке менчик бала бакча ачууну каалагандарга колдоо көрсөтө баштады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG