Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Шамалдан жабыркагандар 10 адамга жетти, 154 объект зыян тартты


Бишкекте болгон шамалдын кесепети.
Бишкекте болгон шамалдын кесепети.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында болгон катуу шамалдан жабыркагандар адамдардын саны 10го жеткенин билдирди. Алардын абалы жана кандай жаракат алганы тууралуу маалымат берилген жок.

Мекеменин маалыматы боюнча, борбор калаа менен эки облуста шамалдан баш-аягы 154 объект - 70 социалдык мекеме, 80 турак жай, төрт чарбалык курулуш зыян тарткан. Бишкекте 66 объект жабыркаса, анын 26сы - социалдык мекеме, 36сы - турак жай, төртөө - чарбалык курулуш. Шамал Чүйдө 42 социалдык объекттин жана 42 үйдүн чатырын учурган.

Шамалдын кесепетин жоюу, материалдык чыгымды тактоо иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен.

28-мартта социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG