Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Болгарияда алты жыл ичиндеги үчүнчү парламенттик шайлоо өтөт


Румен Радев (оңдо) өкмөттү куроо мандатын тапшырууда.
Румен Радев (оңдо) өкмөттү куроо мандатын тапшырууда.

Болгария парламенттин жаңы курамынын негизинде өкмөт куроо боюнча дээрлик бир жылдан бери уланып келе жаткан аракеттен майнап чыкпагандыктан мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого камдана баштады.

Өкмөт куроо укугун үчүнчү (акыркы) жолу алган партия бүгүн 28-мартта мандатын кайра президент Румен Радевге кайтарып берди.

Радев премьер-министр болушу ыктымал талапкерлер менен сүйлөшүү баштай турганын, техникалык өкмөт түзүү процессин тездетүүгө аракет кыларын айтты.

Болгариянын парламенти – Элдик жыйындын жаңы курамы былтыр 12-апрелде шайланган. Ошондон бери өкмөт куроо боюнча тогуз айдан бери жүргүзүлүп жаткан аракеттерден жыйынтык боло элек.

Соңку үч жылдан бери Болгарияда беш жолу парламенттик шайлоо өттү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG