Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Баткенде мунайды кайра ишетүүчү завод курулууда


Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.

Баткендин Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунай иштетүүчү завод курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, заводду кыргыз-түрк биргелешкен ишканаcs куруп жатат. Курулуштун алгачкы баскычы 12 млн. долар, экинчи баскычы 27 млн. доллар деп бааланды. Ишкананын өнөктөшү К-Нефть компаниясы. 2021-жылы башталган курулуш быйыл июнь айында аяктары кабарланды.

Завод ишке кирсе күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташып, АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин, дизел отуну, газ жана башка майлоочу майларды чыгарат. Заводго мунай Бүргөндү аймагынан, "Кыргызнефтегаз" ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизде ташылып келет.

Жакында эле "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Кыргызстандын түштүк аймагында мунай өндүрүү планы иштелип чыгып, дээрлик даяр болуп калганын, бирок качан башталары белгисиз экенин билдирген.

Ал компания "Кыргызнефтегаз" ишканасын сатып алып, анын карамагындагы жерди иштетерин белгиледи. Быйыл бул сатып алуу процессинин аудити жүрөт, чечимдер андан кийин кабыл алынат.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна таандык. Ишкана 2021-жылы президент Садыр Жапаров менчиктештирилиши керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген.

Кыргызстан бир жылда 1,4 млн тонна күйүүчү май керектейт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG