Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49

Өзбекстан быйыл Орусиядан газды үч эсе көп сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Өзбекстанга Казакстан аркылуу экспорттолуучу жаратылыш газынын көлөмү быйыл былтыркыга караганда үч эсе көбөйтүлгөнү жатканын бүгүн 28-мартта казак Энергетика министрлигинин маалыматына таянып «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

«Газпромдун» жана Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстанга транспорттолуучу орусиялык газдын жылдык көлөмү 3,8 млрд куб метр болот, былтыр бул көрсөткүч 1,28 млрд куб метрди түзгөн.

Өзбекстан Орусиядан газды Казакстан аркылуу импорттоону 2023-жылдын октябрында баштаган.

Быйыл март айынын башында «Озодлик» радиосу Өзбекстандын газ транспорттоочу системасындагы жагдай тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Анда энергетика тармагынын падышасына айланды деген Бахтиёр Фазылов аттуу ишкер тууралуу баяндалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG