Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

28-март: Матраимовго дагы бир айып тагылды, Шереметьеводон ондогон киши Кыргызстанга кайтарылат


Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.
Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.

28-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Матраимовго “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып коюлду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып тагылды. УКМК ага “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. Атайын кызмат эл аралык издөөдөгү мурдагы бажычы жана анын бир туугандары Руслан, Исламбек жана Тилек Матраимовдорду 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келген.

Коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сом түштү

Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча каражатын төгүп берүү боюнча укук коргоо органдарынын атайын депозиттик эсептерине 2020-жылдан 2024-жылдын январь-февраль айларына чейин 20 млрд 455 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрилиги кабарлады.

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза болду

Ысык-Көл райондук Санитардык эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери, анын күйөөсү жана айдоочусу жол кырсыгында каза болду. Маалыматка караганда, башкы дарыгер Алина Токтоназарова кызматы боюнча Чолпон-Атадан Балыкчыга чогулушка бара жатып кырсыкка учураган. Маркум 52 жашта болчу. Райондук санэпидборборун 2021-жылдан тарта башкарып келген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болду. Дагы 1 673 киши жаракат алган.

Кыргызстан “Airbus 320” учагын сатып алды

“Airbus 320” үлгүсүндөгү учак 28-мартта “Манас” эл аралык аэропортуна” конду. Жаңы учак Кыргызстандын президентин жана делегациясын ташыйт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жургүнчүлөрдү ташыган үч учак алынып келинерин билдирди.

Шереметьеводон ондогон жаран Кыргызстанга кайтарылат

Москванын Шереметьево аэропортунда кармалып турган 51 кыргызстандык 27-мартта мекенине кайтарылды. Москвадагы кыргыз элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков дагы 20 чакты киши кайра артка жөнөтүлөрүн "Азаттыкка" айтты. Тышкы иштер министрлиги “Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон жарандарды Орусияга барбай турууга чакырган. 22-мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборуна террордук чабуул болуп, 143 киши каза таап, 190дой адам жаракат алды.

БУУ Орусияда үч айда кеминде 32 украин туткуну өлтүргөн болушу ыктымал экенин жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баяндамасына ылайык, 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейин орус күчтөрү 32 туткунду куралын таштаганда же суракка алып жаткан учурда өлтүргөн болушу мүмкүн. Туткундан бошонуп чыгып, сурамжылоого катышкан украин аскерлери кыйноонун түрүн көрүп, ур-токмокко алынып, сексуалдык зомбулукка учураганы тууралуу айтып беришкен. Украинанын өзүндө Орусиянын туткунунда ыктымал кордолгон, өлтүрүлгөн жарандары тууралуу 50 миңден ашуун кылмыш иши тергелип жатканы маалым болду. Аскер туткундарын өмүрүнөн ажыратуу эл аралык укук нормаларында аскердык кылмыш деп эсептелет жана Орусияда да, Украинада да тыюу салынган.

Казакстан: Сел каптаган айылда нааразылыкка чыккандар айыпка жыгылды

Акмоло облусунун Целиноград райондук соту Коянды айылынын алты тургунун тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамды бузган деген негизде административдик жазага тартты. Бирөөнө мыйзамсыз митинг уюштурду деп 400 доллардан ашуун өлчөмдө, калган бешөөнө ошол акцияга катышты деп 244 долларга барабар айыппул салынды. Сот акция өткөрүү тууралуу беш күн мурда маалымдама берилиши керектигин жүйө келтирди. Коянды айылынын бир нече тургуну 26-мартта жергиликтүү аткаруу органдарынын ишине нааразылык билдирип, бир нече саат чоң жолду тороп турушкан. Алар убагында тазаланбаган кар күн жылыганда эрип, үйлөрүн каптаганын айтып, аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоону талап кылышкан. Акция атайын даярдыктагы күч кызматкерлери барганда токтотулган. Суу ташкыны Акмоло, Абай, Актөбө облустарында катталды.

БУУ: Дүйнө калкынын 10% ачка, бирок тамак-аштын 17% ыргытылат

БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы дүйнөдөгү тамак-аш калдыктары боюнча баяндамасын сунуштады. Жер бетинде 783 миллион адам ачкачылыкта жашайт. Бул дүйнө калкынын дээрлик 10% түзөт. Жер шарынын ар бир тургуну орто эсеп менен жылына 79 кг тамак-ашты ыргытат. АКШнын орточо тургуну 115 кг, европалык - 65 кг, орусиялык - 56 кг "ашыкча" тамакты ыргытат. 2022-жылы тамак-аш калдыктарынын жалпы көлөмү 1,05 млрд тоннаны түздү. Азык-түлүктүн эң чоң үлүшүн же 60% – жеке керектөөчүлөр жана үй чарбалары ыргытат. 28% жакыны коомдук тамактануунун үлүшүнө туура келет, 12% чекене дүкөндөрдө жана супермаркеттерде туруп эскирет. БУУ белгилегендей, "ашыкча" тамак-ашты ыргытуу же ысырап кылуу кирешеси жогору, орто жана төмөн өлкөлөргө дагы таандык.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG