Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

БУУ: Орусия үч айда кеминде 32 украин туткунун өлтүргөн болушу ыктымал


Туткундан кайткан украин аскери. Архивдик сүрөт.
Туткундан кайткан украин аскери. Архивдик сүрөт.

Орусия соңку үч айда эле украиналык аскер туткундарынын кеминде 32син өлтүргөн болушу ыктымал экени Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баяндамасында айтылды. 26-мартта жарыяланган баяндамада 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейинки аралыкта орус аскерлери туткунга түшкөн 32 украиналыкты куралын таштаганда же суракка алып жаткан учурда өлтүргөн болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

Туткундан бошонуп чыккан украин аскерлери арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, алар орус аскерлери көрсөткөн кыйноонун түрлөрү, ур-токмокко алынганы, сексуалдык зомбулукка учураганы тууралуу айтып беришкен.

Украинанын өзүндө Орусиянын туткунунда ыктымал кордолгон, өлтүрүлгөн жарандары тууралуу 50 миңден ашуун кылмыш иши тергелип жатканы маалым болду.

Аскер туткундарын өмүрүнөн ажыратуу эл аралык укук нормаларында аскердык кылмыш деп эсептелет жана Орусияда да, Украинада да тыюу салынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG