Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:46

Министрлик төрт жылда коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сом түшкөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча каражатын төгүп берүү боюнча укук коргоо органдарынын атайын депозиттик эсептерине 2020-жылдан 2024-жылдын январь-февраль айларына чейин 20 млрд 455 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрилиги кабарлады.

Министрликтин өкүлү Талант Келдибеков ЭлТР телеканалына берген комментарийинде коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын 14 млрд сому мамлекеттик казынага чегерилсе, 6 млрд.дан ашыгы Турукташтыруу фондуна которулганын билдирди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев соңку эки жылда коррупция менен күрөштүн натыйжасында казынага 11 млрд. сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирген.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байлык топтогон жемкорлукка экономикалык мунапыс жарыялоо болду. 2021-жылы өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачкан. Эсепке экономикалык мунапыстын жана кылмыштуу жол менен жыйнаган каражаттарын мыйзамдаштыруунун алкагында алынган акча түшөрү жарыяланган.

Күрөштүн алкагында мурунку жана азыркы бир топ аткаминерлер ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалып, көпчүлүгү казынага белгилүү суммада акча төлөп, абактан чыгууда. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп аташып, сындагандар да, колдогондор да бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG