Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Казакстан: Сел каптаган айылда нааразылыкка чыккандар жазаланды


Казакстан. Коянды айылы. 2024-жылдын 27-марты.
Казакстан. Коянды айылы. 2024-жылдын 27-марты.

Казакстанда кар эрип, үйлөрүн суу каптаганы үчүн жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдирип чыккандар жазаланды. Бул тууралуу бүгүн 28-мартта «Азаттыктын» казак кызматы билдирди. Акмоло облусунун Целиноград райондук соту Коянды айылынын алты тургунун тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамды бузган деген негизде административдик жоопкерчиликке тартты.

Бирөөнө мыйзамсыз митинг уюштурду деп 400 доллардан ашуун өлчөмдө, калган бешөөнө ошол акцияга катышты деп 244 долларга барабар айыппул салынды.

Сот акция өткөрүү тууралуу беш күн мурда маалымдама берилиши керек болгонун, мыйзам талабы ошондой экенин жүйө келтирди.

Коянды айылынын бир нече тургуну 26-мартта жергиликтүү аткаруу органдарынын ишине нааразылыгын билдирип, бир нече саат чоң жолду тороп турушкан. Алар убагында тазаланбаган кар күн жылыганда эрип, үйлөрүн каптаганын айтышкан жана аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоону талап кылышкан. Акция атайын даярдыктагы күч кызматкерлери барганда токтотулган.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 28-марттагы маалыматына караганда, соңку суткада суу ташкындаган аймактардан 1431 эвакуацияланды, алардын 312си балдар. 297 үйдү суу каптады, эки көпүрө талкаланды, 18 жерде жол тилкеси жарактан чыкты.

Суу ташкыны Акмоло, Абай, Актөбө облустарында катталды.

Абай облусунда үч киши дайынсыз болуп жатканы, алардын экөө Аягөз дарыясы аркылуу трактор менен өтөрүн айтышканы, үчүнчүсү бир нече күн мурда ушул эле дарыя аркылуу ат менен өтүүгө аракет кылып, кулап түшкөнү маалымдалган. Аларды издөөгө ыктыярчылар тартылган. 28-мартка карата бул адамдар боюнча эч кандай маалымат айтыла элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG