Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:52

УКМК Матраимовдор боюнча жалган маалымат тарап жатканын билдирди


Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.
Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовдордун кармалышы боюнча социалдык тармактардын кыргыз сегментинде фейк-аккаунттар алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтып жатканын билдирди.

Атайын кызмат адамдарды чагымчыл маалыматтарды жайылтпоого чакырып, коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалган. Алар 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралган жараянда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Райондук сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Ушул эле күнү Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган.

Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”, Тилек Матраимовго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Январь айында УКМК ага издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG