Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Райымбек Матраимовдун дагы бир иниси 18-майга чейин камалды


Ош шаардык соту. 27-март, 2024-жыл.
Ош шаардык соту. 27-март, 2024-жыл.

27-мартта Ош шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун дагы бир иниси Исламбек Матраимовду 18-майга чейин камоо тууралуу чечим чыгарды. Жакындары жана адвокаты комментарий берген жок.

Ушул эле күнү Ош шаардык сотунун чечими менен мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимов бир айга, иниси Руслан Матраимов 18-майга чейин камакка алынган.“Азаттыктын” Оштогу кабарчысынын айтымында, алардын бөгөт чарасы каралып жаткан учурда кармалгандардын 20 чакты жакындары жана туугандары соттун имаратынын алдына чогулушкан. Чечим чыккандан кийин алар тарап кетишти.

Ош облустук соту билдиргендей, Руслан жана Исламбек Матраимовдор Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектелүүдө.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Тилек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.

Анын адвокаты Мамат Шаиев кылмыш иши 2019-жылы Кара-Суу районундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу козголгонун айтты.

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун өзүн 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Атайын кызмат эл аралык издөөдөгү Райымбек Матраимов жана анын үч бир тууганы 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келингенин билдирген.

Атайын кызмат Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болуп, бажы кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн кабарлаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Анын туугандарына коюлган айып тууралуу маалымат бериле элек.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Январь айында УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. (КЕ/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG