Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Ош шаардык соту Матраимовдун бир туугандарын камакка алды


Ош шаардык соту. 27-март, 2024-жыл.
Ош шаардык соту. 27-март, 2024-жыл.

27-мартта Ош шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир туугандары Руслан Матраимовду 18-майга чейин, Тилек Матраимовду бир айга - 26-апрелге чейин камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы кабарлады. Дагы бир иниси Исламбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралып жатат.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Тилек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.

Тилек Матраимовдун адвокаты Мамат Шаиев ага 2019-жылы Кара-Суу районундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголгонун айтты. Руслан жана Исламбек Матраимовдорго коюлган кине тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун өзүн 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакка алган.

Атайын кызмат эл аралык издөөдөгү Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 26-мартта Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алынып келгенин билдирген.

Атайын кызмат Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болуп, бажы кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн кабарлаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Анын туугандарына коюлган айып тууралуу маалымат бериле элек.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Январь айында УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. (BTo/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG