Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

«Крокустагы» кол салуу боюнча кармалган Исломовдор бөгөт чарасына каршы арызданышты


Аминчон, Диловар жана Исроил Исломовдор.
Аминчон, Диловар жана Исроил Исломовдор.

Орусияда «Крокус Ситидеги» кол салууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалган Аминчон Исломов жана атасы Исроил Исломов аларды камакка алуу тууралуу чечимге каршы арыз беришти. Бул тууралуу бүгүн 28-мартта РИА "Новости" билдирди.

Шектүүлөрдүн апелляциялык арызы качан каралары азырынча белгисиз.

Ушундай эле айып менен Аминчон Исломовдун иниси Диловар да кармалган. Кол салууга айыпталып жаткандар айдап жүргөн «Рено» автомашинасын Диловар Исломовдон бир жума мурда сатып алышканы, бирок документи каттала элек болгону, ал автоунааны теракт болгон жерден көрүп нес болгону, полицияга өзү барганы кабарланган.

Бөгөт чарасы каралган соттук отурумда ал Тверь шаарында таксист болуп иштери, аялы жана баласы бар экени белгилүү болгон.

62 жаштагы Исроил Исломовдун жана анын уулдары – 33 жаштагы Аминчон менен 24 жаштагы Диловардын бөгөт чарасы Москванын Басман райондук сотунда 26-мартта каралып, эки айга камалган. Үчөө тең Орусиянын теги тажикстандык жараны.

Исломовдор аларга тагылган айып негизсиз экенин, чабуул даярдалып жатканы тууралуу маалыматы болбогонун айтып жатышат.

Ал эми тергөө алар кылмыштуу топтун мүчөсү болгон, башка мүчөлөрүнө жардам берген, кылмыштын аткаруучулары үчүн маалымат чогултуп, үйүнө жайгаштырып, автомашина менен камсыз кылган, теракт даярдоого биринчи болуп Аминчон Исломов тартылган деп эсептөөдө.

"Крокус Ситидеги" окуядан кийин каза болгондор 143кө жетти. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту.

Маалыматты маркумдардын биринин жакындары “Азаттыкка” ырастады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты.

Федералдык коопсуздук кызматы чабуул үчүн 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын сегизи тергөө абагына камалды. Камалгандардын жетөө тажикстандыктар, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болду.

Терактты уюштурууга тиешеси бар экенин өзүн «Ислам мамлекети» деп жарыялап алган топ билдирген. Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги кол салгандарды «Ислам мамлекети» террордук уюмунун “Хорасан” ооган канаты азгырганын жазган. Теракт «радикал исламчылардын» колу менен жасалды деп Орусиянын президенти Владимир Путин да айткан. Орус бийлигинин өкүлдөрү бул кол салууга Украинанын тиешеси бар экенин да айтып келишет, расмий Киев андай ыктымалдыкты четке кагууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG