Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:49

“Крокус Ситидеги” кол салууга байланыштуу дагы бир адам кармалды


“Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан каза тапкандарды эскерип жаткандар.
“Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан каза тапкандарды эскерип жаткандар.

Орусиянын Тергөө комитети “Крокус Сити Холл” борборундагы окуя боюнча кылмыш ишине байланыштуу дагы бир шектүү кармалганын билдирди. “Азаттыктын” орус кызматы ага куралдуу кол салууну уюштургандарды каржылоого тиешеси бар деген айып тагылганын жазды.

Тергөө комитети кармалган шектүүнү камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтире турганын кабарлап, бирок анын тек-жайы тууралуу маалымат берген жок.

22-мартта Москванын чет жакасындагы “Крокус Сити Холл” борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Кол салуудан 143 киши каза таап, 190дой киши жаракат алды.

Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталып, эки айга камакка алынды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG