Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Орус армиясы Украинанын аймагына “Шахеддер” менен жапырт сокку урду


Украинанын Запорожье облусу. 28-март, 2024-жыл
Украинанын Запорожье облусу. 28-март, 2024-жыл

Орусиянын армиясы 29-мартка караган түнү Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Жалпысынан 99 “Шахед” дрондору жана ракеталардын ар кандай түрлөрү, анын ичинен "Кинжал", "Искандер-М" ракеталары колдонулганын украин армиясы билдирди. Алардын 84ү абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду.

“Укрэнерго” компаниясы маалымдагандай, орус күчтөрү атайылап энергетикалык объектилерди бутага алган. Өлкөнүн батыш жана борбордук бөлүгүндөгү жылуулук жана гидроэлектростанциялары жабыркаганы маалым болду.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко билдиргендей, бул жолу да өлкөнүн энергетикалык системасына жапырт сокку урулду. Бул ирет Днепропетровск, Полтавск жана Черкасск облустарындагы объектилер бутага алынды.

Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Лысак бир катар маанилүү инфратүзүмдөр чабуулга кабылганын, бир киши оор жараат алганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагына урулган соккулар тууралуу маалымат бере элек. Адатта Москва көптөгөн далилдерге карабастан, жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды танып, бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет. Буга чейин орус армиясы Харьковго 27-мартта жасаган чабуулда бомбанын жаңы түрүн колдонгону кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG