Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Арменияда орусиялык алып баруучу Соловьевдун программалары блоктолду


Орусиялык теле алып баруучу, Кремлдин пропагандисти катары белгилүү Владимир Соловьев.
Орусиялык теле алып баруучу, Кремлдин пропагандисти катары белгилүү Владимир Соловьев.

Арменияда орусиялык кремлчил алып баруучу Владимир Соловьевдун программалары блоктолду. Бул тууралуу Жогорку технологиялык өндүрүш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, анын "Вечер с Владимиром Соловьевым" и "Воскресный вечер с Владимиром Соловьевым" деген автордук программалары эми өлкө аймагында көрсөтүлбөйт.

Билдирүүдө белгиленгендей, блоктоо тууралуу чечим Армения менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда келишилген макулдашууну улам бузуу фактыларына байланыштуу кабыл алынган.

Орусиянын Журналисттер союзу муну сөз эркиндигин бузуу деп атады.

Февраль айынын соңунда Армениянын тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу Орусиянын элчилигине нота жиберген. Анда Жогорку технологиялык өндүрүш боюнча министри Мхитар Айрапетян кайсы фактылар тууралуу кеп болуп жатканын айткан эмес. Болгону “25-февралда орус телеканалдарынын биринде болгонун” кыйыткан.

“Азаттык” радиосунун армян кызматы жазгандай, дал ошол күнү "Вечер с Владимиром Соловьевым" программасында Армениянын жетекчилигинин дарегине жосунсуз сөздөр айтылган. Буга чейин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян France 24 телеканалына курган маегинде былтыр күзүндө Орусиянын өкүлдөрү армениялыктарды көчөгө чыгып, өкмөтүн кулатууга чакырганын, ал эми орус телеканалдары алты жылдан бери жеке ага жана анын кабинетине каршы пропаганда жүргүзүп келгенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG