Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Балыкчыдагы катуу шамалдын кесепети такталып жатат


Бишкекте 28-марттагы шамалдан жабыркаган мектеп, бала бакчалар.
Бишкекте 28-марттагы шамалдан жабыркаган мектеп, бала бакчалар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-мартка караган түнү, саат 01.50дө Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында катуу шамал болгонун билдирди. Анын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жетти. Учурда катуу шамалдын кесепет-зыяны такталып жатат.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”, - деп жазылган маалыматта.

Бишкек шаарында жана Чүй жана Талас облустарында 28-мартта күчү секундасына 18-26 метрге чейин жеткен катуу шамал болгон. Кырсыкта жалпысынан 26 адам жабыркаган жана алардын алтоо ооруканага жаткырылган.

ӨКМ 150дөн ашык объект, турак жай зыянга учураганын, бир топ бак-дарак кыйраганын, чыгымды тактоо, кесепетин жоюу уланып жатканын билдирген. Бишкекте жана Чүйдө өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG