Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:03

Орусия: "Террочулукту актоо" беренеси менен өзбекстандык жаран эки айга камалды


Санкт-Петербургдагы аскерлер.
Санкт-Петербургдагы аскерлер.

Орусиянын Алтай аймагынын Рубцовск шаардык соту “Террорчулукту актоо” беренеси менен Өзбекстандын жаранын эки айга камоого чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы 29-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 31 жаштагы жигит шаардагы дүкөндөрдүн биринде “Крокус Ситидеги” кол салууну актаган пикирин ачык айткан. Ал эмне деп айтканы так белгисиз.

Сот анын чет өлкөнүн жараны экенин, туруктуу каттоого турган жана жашаган жер жоктугун эске алган. “Террорчулуктуу актоо” беренеси менен соңку күндөрү козголгон бул алгачкы иш эмес.

Петербургдун Выборг райондук соту Тажикстандын 26 жаштагы жараны Баходур Зухуровду дагы эки айга камады. Тергөөнүн версиясы боюнча Зухуров Телеграм-чаттардын биринде Москвадагы кол салууну актаган билдирүү калтырган.

22-мартта Москвадагы концерттик залда болгон кандуу калабада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылды. Соңку маалыматтарга караганда, 382 адам жараат алды. Алар камуфляж кийген төрт кылмышкердин туш келди чыгарган огунан, андан кийин башталган өрттөн каза болгон. Айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан үзүлгөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алды. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен төрт киши - Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Шамсидин Фаридун жана Мухаммадсобир Файзов “теракты ишке ашырууга” шектелип, эки айга камалды. Алардын баары сотко жеткирилгенде кыйноого кабылганы даана көрүндү. Төртөө тең Тажикстанда туулуп-өскөнү белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG