Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Эмгек министрлиги зомбулукту алдын алуу үчүн 300дөн ашык үй-бүлөнү кыдырган


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Парламенттин 4-апрелдеги жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 2023-жылы мигранттардын балдарын аныктоо жана зомбулукту алдын алуу үчүн социалдык кызматкерлер 325 үй-бүлөнү кыдырганын билдирди. Жыйынтыгында 88 миңден ашык мигранттын балдары аныкталды.

“Алардын ичинен 71 миңден ашык баланын ата-энеси сырткы миграцияга чыгып кеткен. Министрлик тарабынан балдар көзөмөлгө алынды. 2023-жылы Орусия жана Казакстандан 12 бала алып келинди”, - деди Баатырова.

Буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги ата-энеси миграцияда жүргөн 24 бала зомбулукка кабылганын билдирген.

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү "Мигранттын баласы" деген аталышта атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги соцпедагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары катталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG