Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:10

Өкмөт томолой жетим балдарга 500 миң сомдон берилерин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү томолой жетим балдар 18 жашка чыккандан кийин мамлекеттен 500 миң сомдон аларын билдирди. Жапаровдун айтымында, ал үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт.

“Мага берген маалыматтар боюнча, 18 жашка чыга элек 2 миңдей томолой жетим бар экен. Буларга Айыл банктан эсеп ачып жатабыз, 18ге чыкканда 500 миң сомдон берип турабыз. Быйыл ошондойдон үч-төртөө болот экен. Булар акчаны окуу жайга же ипотекага жибере алат”, - деди Жапаров.

Учурда ата-энеси жок 1868 томолой жетим бар. 2022-жылы Социалдык фонд атасынан да, энесинен да айрылган балдардын пенсиясы 6 миң сом болгонун билдирген. Жетим балдарга атайын банк эсеби ачылып, акча которуу жөнүндө буга чейин дагы сунуш айтылып келген. Өлкөдө 100дөй мектеп-интернат бар. Аларда канча бала тарбияланып жатканы жөнүндө маалымат жок. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG