Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Бишкек, Ысык-Көлдөгү зомбулук: Дагы эки аял бейажал өлүм тапты


Кыз ала качууну тыюуну, аялдардын коопсуздугун камсыздоону талап кылган Бишкекте өткөн акция. 2021-жыл, 8-апрель.
Кыз ала качууну тыюуну, аялдардын коопсуздугун камсыздоону талап кылган Бишкекте өткөн акция. 2021-жыл, 8-апрель.

Кыргызстанда дагы бир келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Үч баланын энеси, 34 жаштагы келинге 4-апрелге караган түнү бир нече жолу бычак сайылган. Милиция кылмышка шектүүнү кармап, экспертиза дайындады.

Ушул эле күнү милиция Ысык-Көлдө 57 жаштагы киши чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалганын кабарлады. Зомбулуктан каза болгон аялдар көйгөйү Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутат милицияны ыкчам чара көрүүгө чакырды.

34 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү бычактаган

Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Кут жаңы конушунда 34 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканын "Азаттыкка" "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтуусунда, окуя 3-апрелде болгон.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

"Биз бул үй-бүлөгө көп жылдан бери жардам берип келгенбиз, келинди таанычумун. Балдарынын кичүүсү эки жашта, улуусу 13 жашта. Аны турмушка эрте, 18 жашында эле берип коюшкан экен. Күйөөсү ичип жана кол көтөргөндүктөн, бир нече жыл мурун ажырашып алган болчу. Бишкекте турмуш оор болуп кыйналып жүргөн учурда биз жардам бергенбиз. Тигүүчү машина алып иштеп, акыркы күндөрү үй тазалоочу компания ачып иштеп жүргөн. Кечээ "ичпей калдым, орозо кармап атам" деп алдап үйүнө келип, уруш чыгарыптыр. Аягында бычактап салып, келин каза тааптыр".


Маалыматты келиндин атын атагысы келбеген тууганы ырастап, окуя кандай жагдайда болгонун ачыктаган жок. Анын сөзүнө караганда, балдары апасынын өлгөнүн уга элек.

Бишкек шаардык милициясы 4-апрелде Р.А. аттуу келиндин өлүмүнө шектелип 33 жаштагы жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, окуя тууралуу ушул эле күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн.

Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, келиндин өлүмү боюнча фактыны ырасташкан. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалганы кабарланды.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары утур-утур катталып, мыкаачылык менен кыйноо, өлүмгө алып келген учурлар тыйылбай келет. Кыргыз өкмөтү аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгып, кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөө планын жарыялаган. Бирок бул жакшы натыйжа бербей жатат.

Жети-Өгүздөгү кандуу окуя

Ушул эле күнү Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын А.Б. аттуу 52 жаштагы тургуну өзү менен чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Облустук милициянын 4-апрелдеги маалыматына караганда, 25-февралда Жети-Өгүз райондук милициясына телефон аркылуу билдирүү түшүп, Кызыл-Суудагы таштандынын жанында 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

Каза болгон адам 1987-жылы туулган аял экенин аныктап, денесинен тактарды байкашкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал киши колдуу болгону такталган.

“Шектүүнүн айтымында, каза болгон аял менен чогуу жашап келишкен. Ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, маркумдун башына балка менен уруп, моюнун толгоп өлтүргөн. Ошондой эле анын сөөгүн ашканада тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды жайдагы дарактын жанына таштап кеткен”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Жети-Өгүз райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды.

Эки окуяда тең шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттарынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

"Буга чейин арызданыптыр"

Аялдардын укугун коргоочулар жана жарандык активисттер кыз-келиндерге карата зомбулуктун тыйылбай жатканына тынчсыздануусун билдирип жатышат. Зомбулуктун курмандыгына айланган аялдар маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, өкмөттүк саат учурунда депутат Элвира Сурабалдиева милицияны ыкчам чара көрүүгө чакырды.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

"Үч баласы жетим калды. Мурдагы күйөөсү таап, бычактап кетиптир. Буга чейинки Аселди "мындай жүргөн, андай жүргөн" деп жамандашты. Ушундай нерселерди түшүнбөйм. Бул келин ыйман жолунда жүргөн экен. Буга чейин арызданыптыр".

Парламент депутаты Таалайбек Сарыбашев киши колдуу болгон эки аялдын тагдырынан улам мечиттерде кыз-келиндердин укугу жөнүндө баян окууну сунуштап, Ички иштер министрлигин (ИИМ) үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш жүргүзүүгө чакырды.

Жарандык активист Бурул Усманалиева кылмышкердин жазасыз калуусу, мыйзамдардын толук иштебегени ушундай көрүнүштөрдүн токтобой жатканына себеп болууда деп эсептейт.

Бурул Усманалиева
Бурул Усманалиева

"Бизде мыйзам маданияты иштебей жатат. Эл кайрылгандан коркот, тууган-урук, эл эмне дейт деген психология, ушундай коом болуп калды. Аялдар өздөрү курмандык болсо деле чыдап, укук коргоо органдарына кайрылбай, баланын атасы дейт, катуу урганга чейин жашай берет. Бул жерде жарандык чечкиндүүлүк дагы керек. Үчүнчүдөн милицияда, сот органдарында да басымдуу эркектер иштейт. Кайрылган учурда дагы үй-бүлөдө боло берет деп же актап Асел Ногойбаеванын окуясындай койо берип койгон. Жарандык тарбия керек деп ойлойм балдарга дагы кыздарга дагы. Алардын укуктары менен милдеттерин үйрөтүш керек. Мыйзам дагы иштебесе, элдин түшүнүгү дагы ушундай болсо келечек коркунучтуу. Сиздин дагы, менин дагы кызым бар..."

Ушул тапта Акыйкатчы институту кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо мыйзамын жакшыртуу максатында мониторинг жүргүзүп жатат. Өткөн жылы аталган мекемеге 100дөн ашуун адам кайрылган. Алардын ондон ашууну балдарга карата сексуалдык, тогузу үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылгандар.

Аталган мекеменин аппарат башчысы Наиля Токтосунова аялга зомбулук көрсөткөнү үчүн берилчү коргоо ордери өз функциясын аткарбай жатат деп эсептейт.

"Кыргызстанда коргоо ордери өз функциясын жеткиликтүү түрдө аткарбай жатат. Экинчиден, улам кайталап, зомбулук көрсөткөн адам коррекциялык программадан өтүшү керек. Бирок расмий маалымат боюнча миңдеген зомбулук фактысы катталганына карабай 98 гана киши ушундай программадан өткөн. Милиция кызматкерлери бул мажбурлоо эмес, ар ким өз ыктыяры менен өтүшү керек деп түшүндүрөт. Бул көрүнүштү азайтып, мыйзамды жакшыртуу максатында Акыйкатчы институту чоң мониторинг жүргүзүп, зомбулуктан коргоо мыйзамына чоң талдоо жургүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетине сунуштарды беребиз".

Тыйылбаган зомбулук, кыйылган өмүрлөр

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова аял катуу зомбулукка кабылып же каза болгон учурда гана көңүл бурулуп, анын себептерин жоюу иштери чабал болуп жатат деген ойдо:

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

"Трагедия болгондо эле ызы-чуу болуп жатып калып жатабыз. Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзам иштебей жатат. Аларга укуктук жардам болбой жатат. Баарыбыз эле кыйкырып чыгабыз. Жөн эле маалымат берип коюп эле тим болуп атабыз баарыбыз эле. Көбү көчөдө калып жатат. Көнүмүш болуп, өлтүрүп койсом деле эч нерсе болбойт дегенге барышат. Ошондой учурлар деле болуп жатпайбы".

Былтыр 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.


Сегиз сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып, үйүнө чыкан. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтышууда.

Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюп жатышат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон.

2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок депутаттар бул чаралар жетишсиз экенин белгилеп, мыйзамдарды толуктоону сунуштап жатат.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG