Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Ислам жана аял: Пайгамбар сыйлаган укуктун чектелиши...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Арсланбек Кенжетегин, Түркиянын Самсун шаарындагы Ондокуз Майыс университетинин (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) дин социологиясы бөлүмүнүн докторанты.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

8-март айымдардын эл аралык күнүнө арналат...

Адамзаттын карт тарыхында аялзаты көбүнесе басмырлоого дуушар болуп келген. Аялзатына зордук-зомбулук, басынтуу аракеттери аракети ар кайсы доордо ар кандай деңгээлде болуп турган. Дүйнөнүн айрым жерлеринде ушундай даражага жеткен; аялды шайтанга, жезкемпирге же ушуга окшогон дагы башка абстракттуу жаратыктарга салыштырылып, “аял адамбы же адам эмеспи?”, “аялдын руху барбы же жокпу?” деген суроолор кадыресе коюлуп, кызыл чеке талаш-тартыштар, олуттуу талкуулар болгону адамзаттын тарыхында кара так болуп сакталып калды. Ошондой жапайычылык көрүнүштүн бири 7-кылымда арабдарда да болгону, аялдын экинчи орунда турганын, караңгылык бир доордо аялзаты эң катаал мамилеге дуушар болгонун да танууга болбойт. Кээ бир коомдордо аялзатын соңку кылымдарга чейин эзип, укугун тебелеп келгени да ырас. Мына ушул мамиленин калдыгы бүгүнкү күндө да кайсы бир деңгээлде уланууда, өзгөчө мусулман дүйнөсүндө... Себеби мусулман коомдорунда дин өзгөчө орунду ээлейт жана коомдук аң-сезимге, социалдык-маданий турмушка таасири күч.

Бул макаланы жазуудагы максатыбыз, аялдарга байланыштуу терс пикирлерге/маселелерге Исламдын көз карашы кандай, Исламдын аялга карата жоболору, Куран аялдарга коомдук турмушта кандай роль берерин, аял-эркек мамилелерин кантип курарын аныктоо. Башкача айтканда, аялдардын исламдагы орду эмне/кандай экенин, «ислам» деген ат менен аялдарга карата айтылган түшүндүрмөлөрдүн кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экендигин, анын булактары кайсылар экендигин аныктоо жана булардын кайсынысы диндин ичинде же динден сырткары экенин ачыктап/тактап берүү. Бул менен социологиялык анализге эмес, исламдагы аялдын ордун түшүнүүгө басым жасайбыз.

Адамдын жаратылышы жана аял

Аялдар жөнүндөгү терс пикир адамзаттын алгачкы жаралышынан баштап эле түзүлүүгө аракет кылынат. Аял эркектен жана эркек үчүн жаратылганы, аялдын эң маанилүү милдети эркекти бактылуу кылуу экендиги, Обо эненин айынан Адам атанын бейиштен куулганы сыяктуу дооматтар; Исламга чейинки мезгилде эле жөөттөрдүн да, христиандардын да ыйык тексттеринде сүрөттөлгөн. Ушул жана ушул сыяктуу ишенимдердин натыйжасында аялдар эркектерге салыштырмалуу жалпысынан экинчи сорттогу адамдар катары көрүлүп, эркектерди туура жолдон чыгара турган жандык катары кабыл алынган. Андыктан аялдар жөнүндө терс пикирлердин калыптанышында аялдын жаралышы жөнүндөгү баяндар негизги ролду ойнойт.

Бул жерде жөөт жана христиан маданиятында (ыйык тексттеринде) үстөмдүк кылган, Обо Адам үчүн, Адамдын кабыргасынан жаратылган деген ишенимдин маанилүү орду бар. Библияда орун алган төмөндөгү текст, бул пикирге жандуу өрнөк болуп берет:

“8-Себеби эркек аялдан эмес, аял эркектен жаратылды.
9-Эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылды” (Жаңы Келишим, Корунттуктар 11:8-9. Бул тууралуу Байыркы Келишимге да шилтеме жасалат, Башталыш 2:18-24).

Куранда мындай сөздөр айтылбаса жана эркек менен аялга бирдей кайрылса да, убакыттын өтүшү менен бул ишенимдер Исламга кирип, жыйынтыгында (тилекке каршы) бул түшүнүктөр исламий пикирде да таасирдүү боло баштаган. Негизи, Куранда бул көз караштарды колдогон эч кандай белги жок, ал тургай бул көз караштарга карама-каршы келген аяттар бар болсо да, мусулмандардын мындай ишенимдерди кабыл алуусу канчалык туура? Деги эле бул пикир Ислам ишеними боюнча туурабы? Биринчиден, Ислам ишеними боюнча, эгер сиз дагы биз сыяктуу Куранды айтып жатсаңыз жана Курандан башка “ислам” деп көрсөтүлгөн булактарда Куранга карама-каршы көптөгөн элементтер бар жана аларды Ислам ишениминен чыгаруу керек деп ойлосоңуз; бул ишенимдердин Ислам дини жагынан “туура эмес” экенин кескин түрдө айта алабыз.

Биринчиден бул ишенимдин жөөт жана христиан булактарынан исламга өтүшүнө төмөнкүдөй хадистер жана тафсирлер себепкер болгон:

“Аялдарга жакшы мамиле кылгыла, себеби аял кабыргадан жаратылган. Кабырганын эң ийри тарабы, үстү жагы болуп, аны түздөөгө аракет кылсаң сындырып аласың. Аны өз абалында таштасаң ошол бойдон ийри калат. Андыктан аялдарга жакшы мамиле кылгыла” (Бухари, “Анбия”, 1, “Нике”, 80; Муслим, “Рада”, 59, 60, 65; Тирмизи, “Талак”, 12; Ибн Мажа, “Тахарат”, 77; Дарими, “Нике”, 35; Ахмад бин Ханбал, “Муснад”, XV, 321, 494, XVI, 276, 499).

“Ибн Аббас мындай дейт: “Алла Обону, Адамдын кабырга сөөгүнөн жаратты” (Фирузабади, Танвиру’л-микбас мин тафсири Ибн Аббас, 485).
Имам Табари: “... Акыйкатта Обону анын (Адамдын) кабырга сөөгүнөн жараткан” (Табари, Тафсиру’т-Табари, XVIII, 478).

“Адам бейишке жайгаштырылды. Ага эрмек боло турган шериги жок бир саамга өзү жалгыз жүрөт. Бир убакта терең уйкудан турса эле, жанында өзүнө окшош бирөөнү көрөт. “Сен кимсиң?” деп сурайт жана "аялмын" деген жоопту алат. Андан кийин аялдан жаралыш себебин сурайт. Аял “Мени менен эрмектешүүң (же сооротулуң) үчүн жаратылдым” дейт. Ал ортодо периштелер келип, аялдын ким экенин сурашат. Адам анын “Обо” экенин айтып, жандыктан жаратылганы үчүн ага ушундай ысым ыйгарганын айтат” (Ибн Касир, Мухтасару тафсири Ибн Касир, I, 54).

Ал эми Куран аял менен эркек бир заттан (Нафси вахида) жаратылганын баяндайт. Бул жагдай Куран аятында: “Оо, адамдар! Силерди бир жандан/заттан (Нафси вахида) жаратып, анан андан жубун жараткан, ошондой эле ал экөөнөн көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула!” деген мааниде баяндалат (Ниса сүрөсү, 1). Мындан башка аялдын "эркектен жаратылганын" баяндаган же ошого ишара кылган бир дагы Куран аяты жок. Куранда Обонун Адамдан жаратылганы тууралуу баяндалбаганындай эле, жадагалса “Обо” аты да айтылбайт. Демек, “аял эркектин кабырга сөөгүнөн жаратылган” деген ишеним жөөт жана христиан булактарынан хадис китептери жана хадистерди колдонгон тафсир китептери аркылуу Ислам ишенимине кирген деп жыйынтык чыгарсак болот.

Эми “аял эркек үчүн жаратылган” деген дооматка токтололу. Куранда аял эркектин кабыргасынан жаратылган деген аят же сөз жок болгон сыяктуу эле, аялдардын эркектер үчүн жаратылганын айткан же ошого ишара кылган бир да аят жок. Эркек болобу, аял болобу, бардык адамдар Кудайга байланыштуу бир себеп менен жаратылган деп айтылат. Курандын Зарият сүрөөсүнүн 56-аятында мындай делет: “Мен (Алла) инсандарды жана жиндерди мага кулчулук кылуулары (яъбудун) үчүн гана жараттым”. Аяттагы “кулчулук” сөзү Алла менен пенденин ортосундагы бардык байланыштарга ишарат кылууда. Пенденин Алла үчүн кылган бардык амалдары, кедей-кембагалдарды тойгузгандан баштап, адилеттүүлүккө чейин, орозо кармоодон баштап, Алланын керемети жөнүндө ой жүгүртүүгө чейин “кулчулук” деген термин кеңири мааниде камтылган. Башкача айтканда аятта кулчулук кыла тургандар үчүн “инсандар” (инс) термини колдонулуп, аял-эркек деп бөлүнбөйт. Эркек тафсирчилер (Куран аяттарын чечмелегендер) Адам менен Обонун жаралуу тарыхын жөөттөрдүн булактарынан алып, аны өздөрүнүн жоромолдоруна кошушкан.

Ошентип, жөөттөрдүн аңгемелерине таянып, алар (тафсирчилер) аялдар экинчи сорт деген аң-сезимди жаратышкан. Анткен менен аялды экинчи сорт катары көрсөтүү үчүн айтылган аялдын жаратылуу баяны эч бир убакта Куранга таяна албайт. Кыскасы, Куран боюнча аял эркектен жаратылган эмес, эки жыныс тең бир тектен/заттан жаратылган. Аял эркектен жана эркек үчүн жаратылганын айткан жана аялдардын эркектерге баш ийүүсүн диний ибадат катары көрсөткөн түшүнүк Куранга ачык түрдө карама-каршы келет.

Ошол эле жөөт жана христиан баяндарында Адамды азгырып, “адамзаттын бейиштен куулушуна себепкер болгон” деп аялды (Обону) ашкере күнөөлөйт. Христиан секталарынын көпчүлүгүнүн көз карашы боюнча, адамзаттын “баштапкы күнөөсү” катары белгилүү болгон жана бүгүнкү күнгө чейин жашап келген жана азыр да жашап жаткан бардык адамдарга мураска калган бул күнөө (алгачкы күнөө) менен аялдар: “шайтандын адам тукумуна кирүү эшиги” жана кылымдар бою кылмыштын булагы катары каргышка калышкан. Бирок, Куран бул маселеге жөөт же христиандар сыяктуу мамиле кылбайт. Бейиштен чыгаруу окуясы Куранда тастыкталганы менен, анын жоопкерчилиги бир гана аялга эмес, эркек менен аялга бирдей жүктөлөт. Куранда шайтандын Адамды жана анын жубун чогуу алдаганы айтылат (Араф сүрөөсү, 20). Адамзаттын туңгуч жубайлары кылган катачылыгын сезип, өкүнүү менен тообо кылышканда Алла Таала аларды кечирген (Таха сүрөөсү, 121-123). Мусулмандар христиандардын “мурастык күнөө” доктринасын четке кагып, Куранда аялдын эркекти эмес, шайтан экөөнү тең туура жолдон адаштырганы айтылганы менен, хадис адабиятына бир хадис кирип, Куран четке каккан бул доктринаны бекемдегендей сыяктуу көрүнөт.

Бухари жана Муслимде айтылган хадис төмөнкүчө: “... Обо болбогондо аялдар эч качан күйөөсүнө чыккынчылык кылмак эмес” (Бухари, “Анбия”, 1, 25; Mуслим, “Рада”, 62, 63). Бул хадисте биз жогоруда түшүндүргөн эки ката бар. Биринчи жаңылыштык – аялдарды баштапкы күнөө үчүн жоопкерчиликке тартуу; Экинчи жаңылыштык, биринчи муун кылган күнөөлөрү кийинки муундарга мурас катары өтөт. Бул дооматтар Курандын табиятына туура келбейт, ал тургай Курандын билдирүүлөрүнө карама-каршы келет. Мындан тышкары сөз болуп жаткан окуяны “аялдын күйөөсүнө чыккынчылык кылганы” деп сыпаттоо өзүнчө бир көйгөй болуп саналат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) дын Куранга карама-каршы сөздөрдү айтуусу мүмкүн болбогондуктан, хадис китептеринде келтирилген бул сөз, албетте, пайгамбарыбызга (с.а.в.) жалаа болуп саналат. Жөөт жана христиан түшүндүрмөлөрүнүн таасири менен кээ бир мусулман “аалымдары” Куранда орун албаган бул мамилени кабыл алышып, аялдарды адамзаттын бейиштен куулушуна себепкер деп айыптап, “аялдардын адаштыруусунан” коргонуу үчүн аялдарды эркектердин көзөмөлүндө болушун зарыл көрүшкөн. Анткен менен аялды адаштырган жана онтологиялык түзүлүшүнөн улам көзөмөлгө алынышы керек болгон бир жандык катары көрсөткөн бул ишенимдин Куранда орду жок. Куран аял менен эркектин акыл-эс жагынан бирдей экенин кабыл алат. Куран боюнча адамдар жынысына эмес, такыбалыгына – Аллага болгон жакындыгына жараша бааланат. Эч бир урууга, улутка, расага, тегине жана жынысына байланыштуу эч кандай артыкчылыкты тааныбаган Куранда адамдар арасындагы айырмалоочу өзгөчөлүк катары такыбалык гана айтылат. Башкалардын күнөөсүн моюндоо (мурас алуу) жана жасай албаган иш үчүн жазалануу Куранда айтылган Исламга туура келбейт. Кыямат күнү ар бир пенде бул дүйнөдө кылган же кылбаган иштеринин эсебин жекелик түрдө берет жана жекелик түрдө соопко ээ болот же жазага тартылат.

Куран аркылуу аялдар ээ болгон укуктар

Аялдар үчүн терс жагдай өкүм сүргөн жерде жана мезгилде түшүрүлгөн Куран, аялдарды жеке тандоодон жана белгилүү бир катмарга таандык кылуудан чыгарып, диний жана укуктук өлчөмдө эркиндиктерин кепилдеп, алардын коомдогу ордуна карабастан бардык аялдарды эркиндикке чыгарып, эркектерге дээрлик кул болгон абалдан бошоткон. Башкача айтканда Ислам менен аялдар үй-бүлөсүнө жана абалына карабастан, мындар ары коомдун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алынып, мурда эркектерге гана берилген көптөгөн артыкчылыктарды аялдар да диний жана укуктук түрдө эркин колдонууга ээ болушкан.

Бул ошол доорду эске алганда - өтө чоң революция болгон. Ислам эзилгендерге үмүт, аялзатына урмат жана укук берген. Куран (Ниса сүрөөсү, 19) аялзатына жакшы мамиле кылууга чакырат: “Аялдарга (жубайыңарга) жакшы мамиле кылгыла. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Алла силер жаман көргөн нерседен мүмкүн көп жакшылыкты берер”. Бул этаптан кийин алар жаңыдан түзүлгөн коомдо гендердик басмырлоого дуушар болбостон, бардык адам укуктарын жана эркиндиктерин пайдалануу укугуна ээ болушкан. Коомдо мыйзамдуу түрдө өз статусуна ээ болгон аялдар, мурас катары бөлүшүлүп кетчү абалдан, эми, күйөөсү же атасы өлгөндө мурастан үлүш алышып, никеге туруу, ажырашуу сыяктуу өз турмушуна тиешелүү маселелерди өз алдынча чече алышкан, махрларына (же калың) өздөрү ээ болуп, өз мүлкүн тескөө укугуна жана эч кимге көз каранды болбостон жашоо эркиндигине ээ болгон. Кыскасы, алар өз турмушун өзүлөрү башкаруу эркиндигине ээ болгон абалга келишкен.

Исламдын алгачкы доорлорун изилдегенибизде, аялдардын ар тармакта активдүү болгонун, бүгүнкү күндөгү кээ бир адамдардын аң-сезиминдеги “пассивдүү мусулман аял” күтүүсүнөн такыр башкача профилдерди көргөзүшкөнүн жана коомдо абдан көзгө көрүнөрлүк өмүр сүрүшкөнүн түшүнөбүз. Маанилүү иш-чараларга аялдардын активдүү катышуусу Мухаммад пайгамбар (с.а.в.) тарабынан өзгөчө кубатталып, аялдарды хижраттарга жана бийъаттарга (“бийъат” кимдир бирөөнүн жетекчилигин кабыл алуу маанисинде колдонулат. Социалдык-саясий келишим катары мамлекет башчысын тандоо, аныктоо жана ага берилгендик көрсөтүү дегенди билдирет) кошкон. Аялдар “бийъат системасы” менен өз жашоосу тууралуу чечим чыгаруу эркиндигине ээ болгон жана ошол эле убакта эч кимге көз каранды болбостон ар кандай оор чечимдерди өздөрү чыгарышкан. Аялдарга эң негизги чечимдерди кабыл алууда сөз сүйлөө укугу берилген, кээ бирөөлөр ойлогондой эркектердин сөзү жетиштүү деп эсептелген эмес.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Куранда коомдук турмушка активдүү катышкан аялдардын образына каршы эч кандай сөз жок. Айрыкча, тарыхый булактарды жана хадис китептерин изилдегенибизде салттуу исламдагы аял жоромолдоруна таптакыр карама-каршы келген көптөгөн риваяттарды кездештиребиз. Мисалы, Ислам тарыхынын алгачкы биографиялык эмгектеринен болгон Ибн Сааддын (777-845) “Китабуът-Табакатул Кабир” китебинен билгенибиздей, пайгамбарыбыздын доорунда бүгүнкү күндө айтылып келгендей мусулман аялдары пассивдүү жашоону жашашкан эмес, күнүмдүк жашоонун бардык тармагына катышкан. Башка булактардагы риваяттарга караганда, пайгамбарыбыздын доорунда көптөгөн мусулман аялдардын жынысына карабай күнүмдүк турмушта эркектер менен чогуу орун алганын, коомдо алдыңкы кызматтык орундарды ээлегенин, Ислам үчүн бирге аракет кылып, динди жайылтууда активдүү роль ойногондорун көрөбүз. Алгачкы мусулман аялдар күчтүү инсандыгы, ой жүгүртүүсү жана ынандыруу жөндөмдөрү менен маанилүү ролдорду ойноп, экономикалык турмушка катышып, үй ичинде да, сыртында да өз алдынча инсандык өнүгүүлөрүн ортого коюшкан.

Пайгамбарыбыздын жана андан кийинки төрт халифа доорунда; ишкер айымдарды, акындарды, юристтерди, диний лидерлерди, жада калса жоокер аялдарды кезиктирүү адаттан тыш болгон эмес. Ал кезде аялдар коомдук чөйрөнүн борбору болгон мечиттерге, жамаат намаздарына такай барып, эркектер менен бирге болууну талап кылган кызматтарды да аткарып, соода-сатык менен алектенип, акча таап, бир гана аялдарга эмес эркектерге да окутуучу болуп, фронттун артындагы жоокерлерге жардам беришкени, оорулууларды жана жарадарларды камкордукка алуу сыяктуу жигердүү кызматтарды аркалап, атүгүл согуштарга эрдик менен катышканы булактарда айтылат. Мисалы, пайгамбарыбыздын биринчи аялы жана биринчи мусулман болгон Азирети Хадича соода менен алектенип, жашоого активдүү катышкан. Зейнеб бинт Жахштын тери иштетүү менен алектенгени да белгилүү. Шифа бинти Абдуллах пайгамбарыбыз тарабынан Хафсаны окуганды жана жазганды үйрөтүү тапшырылган. Айша, Хафса, Умму Салама, Карима бинт Микдал, Умм Кулсум бинт Укба, Айша бинт Саад сыяктуу аялдар окуп, жазганды билишкен (бул мисалдарды аялдар үчүн окууну жана жазууну үйрөнүү зарылчылыгы жок деген өкүнүчтүү ойдон чыгарылган ойлорго каршы бөлүп көрсөтүүнү өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз). Аялдар арасында да ийгиликтүү акындар болгон: Сафие, Атика, Хинд бинт Харис, Кабшах бинт Рафи бул жаатта өздөрүнүн тажрыйбасы менен белгилүүлөр.

Пайгамбарыбыздын доорунда көптөгөн аялдар өндүрүш, соода-сатык, дыйканчылык жана каллиграфия менен алектенип, көбү кездеме да токушкан. Чач тарач болуп, эркектердин сакалын алган аялдар да жок эмес. Умму Варака дагы коомдук турмушта абдан активдүү роль ойногон аял сахаба болгон. Умму Варака үйүндө жашаган эркектерге караганда Куранды жакшыраак билгендиктен, пайгамбарыбыздын уруксаты менен үйүндө намазда имамдык вазыйпаны кылган. Кыскасы, пайгамбарыбыздын доорундагы аялдар ал убакта мүмкүн болгон, же алар алектенбеген эч бир тармак жок болчу. Ал мезгилдеги аялдар эркектер менен теңтайлаша ар бир тармакта иштеп, жигердүү турмуш өткөрүшкөн.

Пайгамбарыбыздын аялдар менен пикир алмашып, кээде алардын айткандарына ылайык иш кылганы да булактарда айтылат. Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин пайда болгон талкууларда Азирети Айша менен көп жолу кеңешип, динди чечмелеп берүүнү суранышкан. Ибн Ата: “Мен эң улуу сахабалардын да Айша менен диний маселелерде топ-топ болуп кеңешкенин көп көрдүм. Айша ошол убактагы адамдардын арасында фикх (ислам укугу) боюнча маалыматы көп жана билимдүү адам болгон жана анын өкүмү эң туура болгон” деп айтат. Диний маселелердеги билимдүүлүгүнөн тышкары, Айшанын поэзияны, укукту жана медицинаны да абдан жакшы билгени кабарланат. Айша эркек болобу, аял болобу, туура эмес сүйлөгөн же туура эмес иш кылган адамдарды сындап, алар менен пикир келишпестикке баруудан да артка тарткан эмес. Мисалы, саясий маселелерде Али менен, ал эми Абу Хурайра менен туура эмес хадистерди айткан деген жүйө менен пикир келишпестиктер болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдарында биринчи халифа Абу Бакр уулдары болсо да тирүү кезинде башкарып келген жардам каражатын жана мүлкүн башкарууну кызы Айшага тапшырган. Экинчи халифа Азирети Умар да Куранды уулдарынын ордуна кызы Хафсага аманат кылганы айтылат. Ошол эле Азирети Умардын халифалык доорунда Мадинага Шифа бинт Абдулла аттуу аялды базардын инспектору кылып дайындаган, бул азыркы акимчиликке барабар кызмат болгон. Умар мечиттеги хутбасында Куранда аялдарга бериле турган махрдын өлчөмүн чектөөнү каалаганда, бир аял ордунан туруп, халифа Умарды Куранда жок чектөөнү сунуш кылганы үчүн сындайт жана халифа аялдын пикирине макул болуп, бул оюнан кайтат.

Кыскасы, аялдардын жашоого активдүү катышуусуна карата Куранда кымындай да чектөө жок. Мындан тышкары, биз келтирген тарыхый булактарды изилдегенде алгачкы мусулман аялдарынын коомдук турмушта активдүү болгондугун, билим алганын, өз доорунда болгон көптөгөн жумуштарда иштегендигин жана эркектер менен бирге аракет кылганын көрсөткөн көптөгөн хадистер бар экени байкалат. Бирок, бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар “ислам” атын жамынып алып аялдардын билим алуу укуктарын чектейт, аларга башкаруу укугун бербейт, аларды эркектер менен бирге болууга тийиш болгон жерлерден, иш тармагынан, дегеле коомдук чөйрөдөн четтеткенге аракет кылышат.

Пайгамбар өлгөндөн кийинки аял укугу жана абалы

Ислам аялдарга ошол күнгө чейин эч бир коомдо болбогон укуктарды жана эркиндиктерди берген; аялдар кимге кааласа турмушка чыгып, мурастан үлүш алып, каалашынча мүлккө ээ болуп, иштеп, махрын (калыңын) үй-бүлөсү эмес, өздөрү ала турган абалга келишкен. Бирок Ислам кыска убакыттын ичинде кеңири аймакка жайылып кеткендиктен, Куран реформалары жаңыдан динге өткөн маданияттардын каада-салттары менен кагылышып, бул кагылышуулар менен жаңы маданияттар пайда болгон. Пайда болгон жаңы маданий түзүмдөрдүн аялдардын абалын начарлаткан практикаларды камтышы аялдардын пайгамбардын көзү тирүүсүндө алган укуктарынан ажырашынын маанилүү фактору болгон. Коом кээ бир эски каада-салттарына кайтып келгенден кийин аялдарга берилген укуктардын көбү жоюлуп, исламга чейинки жахилият доорундагы каада-салттардан тышкары, жаңы басып алынган аймактардын мизогинисттик (аялдарды жек көрүү) маданияттары (Византия жана Сасанид салттары сыяктуу) да, мындар ары “ислам” деген ат менен таасирдүү боло баштаган.

Белгилүү ислам таануучу, тарыхчы, америкалык профессор Жон Эспозито (John Esposito) “Мизогинисттик салттар ислам маданиятына кирип, эреже катары кабыл алынгандан кийин, алар табигый түрдө убакыттын өтүшү менен ислам менен бирдейлешти. Ислам менен таанылгандан кийин алар өзгөрүлгүс эрежелерге айланган” деп белгилейт. Буга кошумча, дээрлик бардыгы эркек болгон хадис жана фикх аалымдарынын гендердик борбордогу чечмелөөлөрү менен акырындык менен эски тартип кайтарылып, аялдар пайгамбар доорунда тапкан укуктарынан ажыраган. Абдуллах бин Умардан риваят кылынган төмөнкү хадисте бул маселе жакшы сүрөттөлөт: “Пайгамбардын доорунда биз жөнүндө аят түшүшүнөн коркуп, аялдарыбызды тилдөөдөн жана кол көтөрүүдөн сактанчубуз. Пайгамбар дүйнөдөн кайткандан кийин аларга тилибизди, колубузду көтөрө баштадык” (Бухари, “Нике”, 80).

Төрт халифа доорунан кийин дароо башталган Омейяттар доору менен олуттуу бузулуулар болуп, аялдар Ислам тарабынан берилген укуктардан ажырап, жахилият доорунун (исламга чейинки мезгил) түзүлүшүнө кайтып келе башташкан. Аялдардын коомдогу жигердүү жашоосу, өз оюн ачык айтуусу, керек болсо согуш талаасында да болушу Пайгамбардын көзү өткөндөн кийин өзгөрүп, Муавия бийликке келгенден кийин бул жигердүүлүк жоголо баштаган. Ал эми Аббасийлер доорунда аялдар коомдук турмуштун көптөгөн тармагынан четтеп, үйүнүн төрт дубалынын ичинде жашоого аргасыз болушкан. Натыйжада, бир тарап ислам жана араб маданиятынын таасиринде болсо, экинчи тарабы жаңы басып алынган аймактардын маданиятынын таасиринде калып, жаңыдан ислам динин кабыл алган коомдордун маданияты жана каада-салттары мусулман коомдоруна өткөн.

Жогоруда айтылгандай, пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийинки мезгилде кайрадан аялдарга болгон терс көз караш үстөмдүк боло баштаган. Көптөгөн мусулмандар, дүйнөгө кеңири кулач жайган аялдарды кемсинткен, үйгө камап койгон, эркектерге баш ийүүнү аялдын эң негизги милдети катары көргөн маданиятты кабыл алышкан. Дин жүрөктөрүндө жана аң-сезиминде активдүү болуп турган мезгилде, аялдар жөнүндөгү бул түшүнүк динге шилтеме кылуу менен гана кабыл алынышы мүмкүн болчу. Бүткүл мусулмандар кемчиликсиз жана толук деп макулдашкан Куранга кошумча кылуу мүмкүн болбогон соң, бул кабылдоо өзгөчө

“Пайгамбарыбыз айтты...” деген ойдон чыгарылган хадистер менен кабыл алдырышкан. Белгиленген маданий түзүлүштө жашаган жана белгилүү хадис китептеринин баары эркек болгон авторлору, аялдарга каршы риваяттарды пайгамбарыбыз айткандай кылып өз китептеринде киргизип, аялдарга каршы душмандыкты “диндештирүүдө” чоң роль ойношкон. Исламдын үчүнчү кылымында, атактуу хадис китептеринин көбү жазылган доордо аялдарга каршы калыптанган маданият кеңири кабыл алына баштаган.

"Ислам эркин ой жүгүртүүнү чектебейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:10 0:00

Курандан башка көптөгөн ишенимдердин Исламга киргизилиши жана алардын убакыттын өтүшү менен ыйыкталышы аялдардын коомдогу абалына жана аялдарга болгон көз карашка терс таасирин тийгизген эң маанилүү факторлордун бири. “Адаштыруучу”, “күнөөгө жакын”, “бүлүк салуучу” табияты бар деп эсептелген аялдар тууралуу терс пикирлер Ислам булактарына шексиз ойдон чыгарылган кээ бир хадистер аркылуу кирген. Бул маселеге төмөнкү хадистер мисал боло алат (Аялдарга карата ойдон чыгарылганын бул хадистердин Курандагы Ислам жана пайгамбарыбыз менен эч кандай байланышы жок экенин эскертебиз):

“Пайгамбарыбыз бир жыйында адамдар менен баарлашып отурганда бир сулуу аялды көрүп (башка бир риваятта бул аялды жолдо баратып көргөн), дароо үйүнө келип, жубайы Зейнеп менен бирге (жыныстык катнашта) болгон, анан кайра жолугушууга келип: “Аял шайтандын кейпинде келет, шайтандын кейпинде кетет. Араңардан бирөө аял көрсө, өз аялына барсын. Бул анын ичиндегилерди жеңилдетет” деди ал” (Муслим, “Нике”, 9; Абу Давуд, “Нике”, 44; Тирмизи, “Рада”, 9).

“Аял – эркектин ар-намысы. Ал үйүнөн чыкканда ага шайтан жакындайт. Аялдын Кудайга эң жакын турган жери – анын үйү” (Ибн Хузайма, Сахих, III, 93; Табарани, ал-Му’жаму’л-авсат, III, 189, VIII, 101).
“Баштарына (же башчылыкка) аялдарды алып келген коом өнүгө албайт” (Бухари, “Магази”, 82, “Фитан”, 17; Тирмизи, “Фитан”, 75; Насаи, “Кудат”, 8). “Менден кийинки эркектерге аялдардан өткөн зыяндуу бир фитна (бүлүк) себеби калтырган жокмун” (Бухари, “Нике” 18; Муслим, “Зикр”, 97; Тирмизи, “Адаб”, 31; Ибн Мажа, “Фитан”, 31).

“Күйөөсүнүн бүт денеси ириң болуп, аял бардык ириңди тили менен таза жалап, тазалап чыкса да, күйөөсүнүн акысын төлөй албайт” (Ибн Ханбал, Муснад, XX, 64-65). Башка бир варианты: “Эгер пес оорусу анын этин тешип, мурдунун эки тешигин оюп, бул эки таноосунан кан, ириң агып жатканын көрсөң, анан анын (эркектин) акысын берүү үчүн ошол эки таноодон акканды оозуң менен жалап жесең да, түбөлүк анын акысын кайтара албайсың” (Табарани, ал-Му’жаму’л-кабир, VIII, 259).
“Күйөөсү ыраазы болуп өлгөн ар бир аял (мусулман), бейишке кирет” (Тирмизи, “Рада”, 10; Ибн Мажа, “Нике”, 4).
“Бул дүйнөдө бир аял күйөөсүн капа кылса, хуурилерден болгон аялы, ал аялга минтип кыйкырат: “Алла сенин жаныңды алсын! Аны капа кылба! Ал азыр сага конок. Жакында сени таштап, бизге кошулат” (Тирмизи, “Рада”, 19; Ибн Мажа, “Нике”, 62).
“Эгер мен бир адамды башка адамга сажда кылууга буйруй турган болсом, анда аялды күйөөсүнө сажда кылууга буйрумакмын” (Тирмизи, “Рада”, 10; Абу Давуд, “Нике”, 41; Ибн Мажа, “Нике”, 4).

“Айт намазында Мухаммед пайгамбар аялдар тарапка келип: “Эй, аялдар жамааты! Садака бергиле, анткени силер тозок ээлеринин көбү силерсиңер”. Ошондо аялдардын бири: “Эмне үчүн мындай болуп жатат, оо, Алланын Элчиси?” – деп сурайт. Пайгамбар айтты: “Анткени көп каргыш айтып, күйөөңөрдүн кылган жакшылыктарына шүгүр кылбайсыңар” деп, сөзүн мындайча улантты: “Акыл-эси ордунда жана пикири туруктуу бир эркекти жеңе ала турган, акылы жана дини кемчиликтүү, башка жандык көрбөдүм”. Чогулгандардын арасынан бир аял: “Аялдардын акылы жана дининдеги кемчилик эмнеде?” деп сурады. Пайгамбар: “Силерден эки аялдын күбөгө өтүүсү бир эркектин күбөлүгүнө барабар. Ал эми диниңердин кемчилиги – этек кир. Силердин бирөөңөр этек кири келгенде 3-4 күн отурат, намаз окуй албайт” (Бухари, “Иман” 6; Муслим, “Иман”, 132).

Буга окшогон дагы ондогон ойдон чыгарылган хадистер бар, алардын баарын бул жерде жазуу мүмкүн болбогонунан улам, жогорудагы “хадистер” менен чектелебиз.

Кийинки жылдарда жашаган бир топ ислам аалымдары, жогорудагы өңдүү хадистерден таасирленип, аялдарга карата басмырлоо, коомдук турмуштан четтетүү өнөкөтү күч алып, ал түшүнүктөрүн өздөрүнүн эмгектеринде ачык жазып калтырышкан. Мисалы, ислам ойчулдарынан Имам Газалий (1058-1111), өзүнүн эмгегинде аялдарга карата болгон терс пикирлерин ачыкка чыгарат. Аялдардын толугу менен эркектеринин башкаруусу астында жана эркектердин аялдарга үстөмдүк кылышы керектигин белгилеген Газалий, аялдардын “кыйратуучу күчүн” чектөөнүн коом үчүн абдан маанилүү экенин, алар эркектердин социалдык жана диний милдеттерин аткарууда тоскоолдук жараткандыктан улам аялдар көзөмөлгө алынышы керектигин айтат. Анын айтымында коом, эркектердин артыкчылыгын жана аялдарды обочолонтууга үндөгөн институттар аркылуу гана жашай алат. Газалийдин ою боюнча, шайтандык сапаттарга ээ аялдар мусулман коому үчүн эң кыйратуучу фактор болуп саналат. Газалий аялдардын канча түрү бар экенин кантип түшүндүрүп, коомчулукка кандай маалымат бергенин чогуу көрөлү:
“Аялдын сыпаттары төмөнкүчө:
1- Кийим-кечеге болгон ынтызарлыгынан улам маймыл,
2- Жакыр болууга ыраазы болбогонунан улам ит,
3- Күйөөсүнө жана башка адамдарга текебердигинен жылан,
4- Күнү-түнү ушак кылганынан чаян,
5- Үйдөн буюм-тайым сатканынан улам чычкан,
6- Эркектерди алдаганынан түлкү,
7- Күйөөсүнө баш ийгендиктен улам кой. Бул менен акыркысы болгон “эң жакшысы кой мүнөздүү болгону”
деп сөзүн аяктайт.

Газалий менен бир доордо жашаган Улуу Селжуктар мамлекетинин вазири, “Саясатнама” китебинин автору, белгилүү мамлекеттик ишмер жана саясат таануучу Низамүлмүлк (1018-1092) аялдар тууралуу “...себеби алар жабык жана толук акыл-эске ээ эмес” деп билдирет. Булардын артынан 12-кылымда жашаган ханбалий агымынын көрүнүктүү аалымы Ибн аль-Жавзия (1126-1200) “Ахкам аль-Ниса” китебинде аялдар өзүн кандай алып жүрүшү керектигин кыскача баяндаган. Ал-Жавзия бул китебинде аялдарга мүмкүн болушунча үйдөн чыкпоону, эгер чыгууга мажбур болсо күйөөлөрүнөн уруксат алгандан кийин эски-уску жана жаман кийимдерди кийүүнү, кишилер аз же жок болгон көчөлөрдө жүрүүнү жана көпчүлүктөн алыс болууну, үндөрүн эркектер укпасына аракет кылыш керек экенин маалымдайт. Ал-Жавзия ошол эле китептин 27-бөлүмүндө аялды үйүнөн чыгары менен шайтан коштой баштарын жазат. Ал эми өзүбүздүн өлкөдөн чыккан улуу ойчул, даанышман Жусуп Баласагын атабыз “Кудатгу Билиг” эмгегинде уул менен кыздарды кандай тарбиялоо керектиги жөнүндөгү ыр саптарында мынтип жазат:

“…Сөзүмдү ук, о кутманым, ачык айтам,
Кызы жок болгон жакшы, деги баштан!

А төрөлсө кыз бала — болсун дейли,
Көзү өтүп, көр алдында жатса мейли!

Аялды үйдө карма, болуп катаал,
Алардын маани, кейпи окшош татаал.

Бөтөндү үйгө койбо, чыгарба аял,
Бөтөнгө бузулууга аял даяр!

Аялга эркек менен бербе тамак,
Бирге болсо арамдык жолго барат!

Аялдарды чыгарба үйдөн алыс,
Үйдөн чыкса оп-оңой бузуп салыш.

Аял деген — чийки эт, сакта өзүң,
А бузулса — пайдасыз аракетиң!

Аялдарга илгертен ишеним жок,
Көңүлү дайым жүрөт көзүн коштоп.

Нечен миң көзгө толгон берендерди,
Аялдын текебери алдап, жеңди.

Нечен эр, жүзү жарык, абийир алган,
Аялдарга алдырып, жер караган.

Нечен бир азаматтар атагы ашкан,
Тирүүлөй жерге кирген аялдардан.


Аларды кантип бузбай сактоо керек?
Теңирим, боло көргүн өзүң жөлөк!”

Аялдардын абалы пайгамбарыбыздын дооруна салыштырмалуу төмөндөп кеткени менен ошол доордогу дүйнөнүн көптөгөн башка коомдорунан, мусулман аялдардын укугу көбүрөөк болгонун айтууга болот.

Пайгамбардын доорунда аялдардын коомдогу активдүү позициялары кийинчерээк бузулганы чындык болсо да, кээ бир өзгөчө аялдар бардык кыйынчылыктарга карабастан коомдогу активдүү жана кадыр-барктуу орундарга жетише алган. Мисалы, көптөгөн эркек Ислам аалымдарын аялдар төрөп, бакканы, таалим-тарбия бергени, аял аалымдар тарабынан даярдалганы да өзүнчө чындык.

Имам Шафи, Ибн Халликан жана Абу Хайян медреселерде аялдардан билим алган маанилүү ислам аалымдары. Алдыңкы хадис аалымы Ибн Асакир дагы сексенден ашуун өзүн тарбиялаган аял аалымдардын атын атаган. Орто кылымдарда кээ бир мусулман аялдар фикх жана хадис мугалими, насаатчы, акын, вазир жана кеңешчи болуп иштешкен.
Кыскасы, Пайгамбарыбыздан кийин Ислам өлкөлөрүндө аялдардын көптөгөн укуктары узурпацияланганы менен, өзгөчө ошол эле мезгилде дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу кээ бир оң мисалдар да байкалган. Бирок, пайгамбарыбыздын убагында коомдук жана саясий, маданий жана диний турмушка жигердүү аралашкан, ал кезде жасала турган жумуштун ар бир тармагына катышкан, керек учурда согуш талаасында да согушкан, доктур жана соодагер боло алган жана өз жашоосун башкаруу эркиндигине ээ болгон мусулман аялдарды пайгамбардан кийинки мезгилге салыштырганда, аялдар көптөгөн укуктарынан ажыраганы анык. Коомдордогу исламий шилтеменин күчүн эстей турган болсок, бул укуктарды узурпациялоо “дин аалымдарынын” (мисалы, Газалий сыяктуу) түшүндүрмөлөрү жана “динге” шилтеме кылуу менен гана мүмкүн болгон жана чындыгында эле ошондой болду. Бирок, Пайгамбарыбыздын өлүмү менен Ислам толукталып, Курандын түшүрүлүшү аяктагандыктан, бул процесс “Пайгамбар деди, айтты...” деген сөздөр аркылуу “бурмаланган дин” менен гана мүмкүн болгон.

Жыйынтык

Тарыхтын дээрлик бардык мезгилинде аялдар эркектерге салыштырмалуу начар абалда болушкан. Мына ошондой учурда Исламдын ортого чыгуусу менен аялдардын абалы бир топ жакшырып, укуктук жактан толук бир инсандык мамиле көрүшкөн. Исламга чейинки мезгилде аялдар адам катары татыктуу сый-урматка ээ болбой, кадыр-баркы тебеленип келген болсо, Исламдын келиши менен Пайгамбар (с.а.в.) аялзатынын кадыр-баркын көтөрүп, кыз бала төрөлгөндө атасына бейиш дарбазасы ачыларын, турмушка чыкканда жолдошунун дини толукталып, перзенттүү болгондо бейиш таманынын алдында каларын кабарлаган. Анткен менен пайгамбардын көзү өткөндөн кийин динге бир топ жаңылыктар кирип, ага кайсы бир сырткы маданияттар/салттар да таасир этип, аны биздин “ислам аалымдары” да сиңирип, ал жеке кабылдоолорун коомчулукка дин деп түшүндүрмө бере башташкан. Мына ошолордун бири аялдар болуп, бул процесс кайсы бир деңгээлде бүгүн да “салттуу дин” аркылуу кошо уланып келүүдө.

Бүгүнкү күндө Куранды колго алуу менен динди салттан ажыратып, анын акылга, билимге, логикага шайкеш келишин эске алуубуз керек. Бул критерийлер менен ойдон чыгарылган түшүндүрмөлөрдү жок кылгандан кийин тарыхта жазылган Курандын тафсирлерине жана хадистерге да ушул критерийлердин алкагында баа беришибиз керек. Куран Алланын сөзү болгону менен, Куран чечмелөөлөрүнүн бири да Кудайдык сөз эмес.

Жоромол кылган адамдардын; каада-салтка болгон терс көз караштары, жашап жаткан коом тарабынан калыптанган аң-сезимдери, саясий түзүлүш менен алакасы, коомдук талаптарга жана күтүүлөргө болгон мамилеси, жеке кызыкчылыктары алардын интерпретациясына таасир этиши мүмкүн. Тарыхый процессте дин чечмелөөчүлөр дүйнөнүн дээрлик бардык жеринде кеңири жайылган аялдарга каршы салттардын катуу таасиринде калышкан. Бул жерде жазылгандарды Курандын табиятына/рухуна туура келсе гана туура болорун эске алып, бул макаланы да Куран элегинен өткөрүп, ошол багытта гана окуп, ой калчоого үндөйм. Албетте эң туурасын жана баарын билүүчү бир Алла.

P.S. макала, “Ислам жана аял” темасын көтөргөн түрк тилиндеги бир канча булактарды пайдалануу менен даярдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG