Алгач бул суроого түз жооп берүүдөн мурун, «динчил» менен «диндар» сөздөрүн кыскача талдап коюуну туура көрүп турам. Анткени бул сөздөр окшош көрүнсө да, менимче, маани-маңызы эки башка. Мына ушул жагын тактап алып, анан маселеге кайрылганым окурман үчүн да түшүнүктүүрөк болот го деп ойлойм…
Сөздөн сөз чыкканда
Эне тилибизде «-чыл, -чил» мүчөсү жалганган сөздөр бар. Мисалы, арыз+чыл, мекен+чил, кек+чил, сый+чыл, тууган+чыл, өзүм+чүл, ууру+чул, улут+чул, төрө+чүл, дин+чил ж.б. Бул куранды мүчөлөр аркылуу жасалган сөздөр аныкталуучу заттын көндүм адатын, кээде кандайдыр башка затка өтө ыктаган, ашыкча берилген касиетин билдирет.
Ал эми «-дар, -тар» мүчөсү жалганган сөздөр кыргыз тилинде аз болсо да кездешет. Мисалы: өкүм+дар, тарап+тар, кабар+дар, карыз+дар, куса+дар, жара+дар, дин+дар ж.б. Бул сөздөргө жалганган персче «-дар, -тар» суффикси «ээ болуу, кабыл алуу, ынак болуу» деген сыяктуу маани берет.
Кыргыз тилинде уңгусу арапча болгон «дин» сөзүнө «-дар» мүчөсү жалгануусу менен «дин+дар» (арап+перс), экинчиси кыргыз тилинин төл мүчөсү «-чил» мүчөсүнүн жалгануусу менен «дин+чил» (арап+кыргыз) сөздөрү куралган. Булар кыргыз тилинин классикалык сөздүктөрүнөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин жарыкка чыккан баардык сөздүктөрдө маанилеш катары берилген (кээ бир сөздүктөргө "диндар" сөзү камтылган эмес). Азыркы кезде "динчил" сөзү кээде оң, кээде терс мааниде колдонуларын күнүмдүк кабарлардан, ар кандай талкуулардан ж.б. байкоого болот. Ал эми "диндар" сөзү өтө аз, негизинен диний котормо китептерде колдонулат. "Динчил" сөзүнүн көбүрөөк колдонулганы кыргыз тилиндеги төл мүчөсү жалганганынан гана болсо керек (өзүбүздүн «-чыл, -чил» деген төл мүчөбүз турса, перстердин «-дар, -тар» мүчөсүн колдонмок белек деген ой менен).
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө "динчил" сөзүнүн аныктамасы «динге бек, динге ишенген, диний ырым-жырымдарды бек кармаган» деп берилген. Ошол эле сөздүктөгү мисалдарга көңүл бурсак: Эски динчил адетти /Таштап өскөн кез ушул (Нуркамал). Бир жагынан динчил залим, сүлүк болуп сорушкан (Токомбаев). Эски динчил, эми жексен болдуң го (Бөкөнбаев). Бул мисалдарда терс мааниде колдонулганы ачык көрүнүп турат. Ал эми "диндар" сөзүнө эч кандай мисал келтирилбей, "динчил" сөзү менен бирдей мааниде экендиги көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, экөө тең «динге ишенген кимдир бирөө» дегенди билдиргендей болот.
Бул макаланы даярдап жатып, коомдун да пикирин алууну туура көрдүм да, алгач Фейсбук баракчама «Динчил менен диндар сөздөрүнүн маанисин ким кандай түшүнөт?» деген суроону илдим, агайын-туугандардын ой-пикирлерин билүүгө аракет кылдым. Ой-пикир бөлүшкөндөрдөн "бир эле мааниде", "эки башка мааниде", "колдонууга жараша мааниси өзгөрөт" деген сыяктуу жооптор келип, жыйынтык бир кылка эмес болуп чыкты.
Кошумча маалымат катары азыркы түрк тилинде да «dinci» (динчи/динчил), «dindar» (диндар) сөздөрүн айырмалап колдонушарын белгилеп коюу керек. Улуттук түрк тил институтунун (Türk Dil Kurumu) расмий сөздүгүндө да мааниси ажыратып берилген. Сөздүктөгү маанилик аныктамасы: «dinci» (динчи/динчил); Dinî görüşleri her alana yaymak isteyen kimse (диний көз-караштарды бардык жакка жаюуну каалаган кимдир бирөө); «dindar» (диндар); Din inancı güçlü, din kurallarına bağlı, dinin emirlerini yerine getiren (kimse); mütedeyyin (дин ишеними күчтүү, диний эрежелерди карманган, диндин буйруктарын аткарган (кимдир бирөө); такыба) деп маанилик аныктама берилген. Демек, бул сөздөргө азыркы түрк тилинде да эки башка маанилик аныктама берилип, категориялык жактан ажыратылган.
Ушул жерден бир орчундуу жагдайды белгилеп коюшубуз керек. Тилдик жана коомдук-маданий өзгөрүүлөргө жараша жандуу кубулуш катары сөздүн мааниси дагы өзгөрүлүшү толук мүмкүн. Башкача айтканда, кайсы бир сөз мындан эки жүз жыл мурун оң мааниде колдонулуп келсе, бүгүнкү күндө терс мааниде колдонулушу ыктымал; мурда терс мааниде болгон сөз бүгүн оң мааниде колдонулуп калышы мүмкүн. Кээде жаңы сөздөрдүн жаралышы же башка тилден өздөштүрүлүшү менен мурун колдонулуп келген сөздөрдүн да маанилик чеги өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн...
Мына ушул кыска талдоодон кийин диндар жана динчил адамдардын жүрүм-туруму, көз-карашы, ой-пикирин салыштыруу менен бул сөздөрдүн маанисин тактоого аракеттенебиз. Ал үчүн түрк тилиндеги маанисин да эске алып, ошондой эле өзүбүздүн эгемендиктен бери карай исламдашуу жараянын да көңүлдө тутуп, анын жайылышындагы өзгөчөлүгүн чечмелейбиз. Натыйжада башкы темада берилген суроого жооп табабыз жана жогорудагы эки сөздү/түшүнүктү да маанилик жактан ажыратабыз.
Эгемендик менен бирге диний жараяндын жанданышы
Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин мамлекет катары өз жолун түзүп, демократиялык, укуктук жана светтик мамлекет болорун жарыялаган. Ошентип, тоталитардык-атеисттик мамлекеттен либерал-демократиялык мамлекетке өткөндүгүнө байланыштуу өз жарандарынын көптөгөн укуктарын тааныган. Алардын эң негизгиси – абийир, ишеним жана дин эркиндиги, булар адам укуктарынын эң маанилүүлөрүнүн катарында кабыл алынган. Бул өзгөрүүлөрдүн арты менен совет доорунда басым-кысым, чектөөгө алынып келген кыргыз мусулман коому массалык түрдө динге (исламга) кайта баштаган (де-секуляризация процесси жүргөн).
Бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасында чет өлкөлөрдөн да ислам, христиан жана башка диндердин ар түрдүү агымдары, жамааттары, диний уюмдары ж.б. диний, кайрымдуулук жана башка иштерин жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келе башташкан. Жыйынтыгында, илгери дээрлик бир кылка салттуу динди карманып келген кыргыз мусулман коомчулугу диний ар түрдүүлүккө ээ болуп, көп конфессиялуу коомго айланды.
Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө үч миңден ашуун диний уюм катталып, отузга жакын ар кандай диний агымдар өз ишмердигин жүргүзүп келет. Анткен менен кыргыз коомунун дээрлик 85-90% (божол менен, себеби бул багытта бир да атайын изилдөө жүргүзүлгөн эмес) мусулманчылыкты карманып, салттуу (укуктук/амал жагынан ханафилик, ишенимдик жактан матурудилик) диндин өкүлдөрү экени белгилүү. Бирок бул жерде бизди кызыктырып, көңүл чордонунда турган маселе адамдардын тигил же бул динди тутунуусу/тутунбоосу, өз же жат мазхабды (агымды) карманып/карманбай коюусу эмес.
Бизди кызыктырганы кыргыз коому кандай жол менен, кантип исламдашууда (динчил же дандар болууда) жана кайсы багытта баратат деген негизги маселе болуп турат. Башкы темада берилген суроонун өзөгү да мына ушул болгондуктан, макалада буга колдон келишинче жооп берүүгө аракеттенебиз. Ал кыргыз мусулман коомунун исламдашуусунун (динчил же дандар болушунун) өбөлгө шарттарына, анын өнүгүү тенденциясындагы өзгөчөлүгүнө жана өксүгүнө кыскача токтолобуз.
Кыргыз коомунун исламдашуусу жана анын өзгөчөлүгү
Жогоруда белгиленгендей, кыргыз коомунун көпчүлүгү мусулманчылыкты тутунат. Бирок бул кыргыз мусулман коомунун баардыгы же көпчүлүгү мусулманчылыктын талаптарын кынтыксыз аткарып жашайт дегенди билдирбестигин баарыбыз эле аңдап турабыз. Себеби сөз жүзүндө мусулманмын, диним ислам дегени менен, анын баалуулуктарын сиңирип, принцип, эреже, буйруктарын аткарбай жүргөндөр бул баалуулук, принцип, эреже, буйрук же талаптарын аткарып жүргөндөргө салыштырмалуу алда канча басымдуулук кылат. Жалпылап айтканда, кыргыз коомунун көпчүлүгү - Курандагы исламдын мусулмандары эмес; калган азчылыгы деле - «салттуу исламдын» мусулмандары.
Кыргыздардын ислам динин кабыл алуусу же таануусу Карахандардын дооруна (960-жылдар) барып такалат. Бирок бул процесс өтө узак жүрүп, кыргыздардын исламдашуу тарыхы 18-19-кылымга чейин созулган. Себеби кыргыздардын көпчүлүгү көчмөн калк болгондугу бул процессти жайлаткан. Чындыгында исламдашуу жараяны бүгүн да уланууда, дагы уланат десек аша чаппайбыз. Бирок исламдашуу же, тагыраак айтканда, динчил/диндар болуусу кандай жүзөгө ашууда деген суроо жаралат. Менин жеке көз-карашымда, кыргыз коомунда динчилдер көбүрөөк, диндарлар азыраак болууда. Сөзүбүз куру болбошу үчүн төмөндө кээ бир жүйөлөрдү тизмектеп, ошого жараша динчил адам менен диндар адамдын өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурабыз.
- Башка мусулман өлкөлөрүндөй эле, Кыргызстанда Курандагы ислам эмес, «салттуу ислам» өнүгүп/жайылып жатат. Анткени ислам дини 14 кылымдын ичинде ар кандай тарыхый шарттардан өтүп, өзөгү сакталса да, аны түшүнүү жана чечмелөөгө коомдук-маданий-саясий-тарыхый жараяндар таасир этип, адамдык (пайгамбардан башкасы) факторлор да кирип кеткен. Башкача айтканда, кээ бир коомдук-маданий жана башка элементтер, өзгөчөлүктөр же түшүнүктөр азыркы кезде диндин өзү же негизги бөлүгү катары диний бир элемент, өзгөчөлүк же түшүнүк катары сунулуп жатышы мүмкүн. Бул жагдайды мындан жүз жыл мурун белгилүү түрк-осмон акыны (түрк гимнинин сөзүнүн автору), айдың жана диний агартуучу Мехмет Акиф Эрсой (1873-1936) мындай деп өтө таамай айткан: «Эгер исламдын маани-маңызы Куранда болсо, азыркы диндин өзөгүндө исламдын изи калбаганын айтышыбыз керек. Анткени бүгүнкү күндө Куран асманга көтөрүлүп, жер жүзүндөгү исламдын ага тиешеси калган жок». Андан бери бир кылым өттү, процесс уланууда, дагы уланат...
- Салттуу ислам дегени көбүнесе ээрчиме мүнөздө (таклид) болуп (чындыгында андай эмес, бирок биздин динчилдер ошондой болуп калышкан), өз алдынча ой-жүгүртүү, акыл калчоо, көйгөйгө жаңы чечимдерди кабыл алуу, шартка жараша чечимдерди карап чыгуу, өзгөртүү (тахкик) дегенден өксүгөн. Себеби аалымдар диний маселелердин баардыгын ийне-жибине чейин тактап, жактап койгон, сенин ой-пикириң динге бидат же жаңылык болуп калат. Андыктан бир гана ээрчүүң милдет!
- Биздеги диний адабияттардын көбү көчүрмө, котормо болгондуктан, элибиздин коомдук, маданий, диний иденттүүлүгүнө чоочун, түшүнүксүз жана апыртма-көбүртмөлөргө, жомокторго, мифтерге толгон. Ал эми диний ишмерлерибиздин, өзгөчө «аалымдарыбыздын» көбү элибиздин жогорудагы өзгөчөлүктөрүнө жараша маселени талдабайт, талкуулабайт же академиялык макала, китеп жазбайт.
- Динчилдерибиз да сокур ээрчиме болуп, көбүнесе молдокелердин гана оозун карап, кээде баш чайкап, кээде баш ийип, эмоцияларын билдириш үчүн «Субханаллах, Аллаху акбар, машаллах» деп маашырланып, ошого курсант болуп отурушат. Өз алдынча окуюн, изденейин, карайын, табайын, кичине баш иштетейин дебейт (жалпы мусулмандар эмес, дин жолуна түшүп, өзүн динчил деп санагандар жөнүндө сөз болууда). Алар жаттап алгандан башка бир пикирди айтсаң, «фитна чыгарба, бузукулук кылба, акылга салба, акылың жетпейт, акылдуусунба, аалымдардын, устаздардын сөзүн ук, 14 кылымдан бери миңдеген аалымдарыбыз билбей, сен билдиңби?» дегендей зекиген сөздөрүн угасың.
- Жогоруда белгилегендей, кыргыз коомунун исламдашуусу - бул Курандын исламы эмес, жарымы жалган, жарымы чын, кайсы бир адам(дар)дын динден түшүнгөнү, жеке көз-карашы, пикири же социалдык-тарыхый шарттарга байланыштуу алымча-кошумчасы менен кийин жайылтылган, жарым-жартылай бурмаланган исламдашуу. Бул исламдашуунун бир түрү - биздин коомго эгемендиктен кийин келген «Таблиги жамаат» же эл арасындагы аты менен айтканда, «даваатчылардын исламы». Бүгүн да мына ушул жараяндар уланууда, дагы уланат...
- Бул тизме дагы да улануусу мүмкүн, бирок азырынча тизгин жыйып, эми динчил менен диндардын негизги айырмачылыктарын карап көрөлү...
Диндар менен динчил адамдын негизги айырмачылыктары
- Диндар адам – бул өзүнүн диний ишенимин жеке жашоосунда ишке ашырууга аракет кылган жана аны башкаларга таңуулоону максат кылбаган адам. Арабча сөз менен диндарды «такыба» деп айтса да болот (бирок "такыба" - диндарды да өз ичине камтыган, балким, андан кыйла кенен түшүнүк, Такыбалык - жараткандын алдындагы эң жогорку сыпат). Диндар адам эң оболу өз ыйманында дайыма чынчыл болот. Динчил - сөзү менен жүрүм-туруму дал келбеген, ошондуктан адамдардын ишенимине кире албаган киши. Диндар адам момун, кичипейил келип, текебердик, өзүмчүлдүк сыяктуу жаман сапаттардан алыс болот.
- Динчил адам дайыма бой көтөрүп, башка адамдарга аксымдык кылат. Өзүнө окшобогон, көз карашы айырмаланган адамдарды байкуш көрүп, аларды басынтып, ал тургай эзүүгө аракет кылат. Диндар адам динде мажбурлоо жок экенин билген жана муну көкүрөгүнө сиңирген чыныгы момун болот. Өз ишенимин эч кимге таңуулабайт, ал тургай ишенимди жайылтууга да аракет кылбайт. Анын бир гана үгүт ыкмасы бар - бул өрнөктүү жашоосу. Эгерде адамдар анын жашоосун үлгү тутуп, ишенип, ага окшоп жашаса, ал ошого ыраазы болот. Бирок ал эч качан мындан упай топтоп, жар салып, жеңишке жетүүгө аракет кылбайт. Динчил өз түшүнүк же көз караштарын башкаларга таңуулоого аракет кылып, колунан келсе күч менен болсо да кабыл алдыруудан кайра тартпайт. Өзүнүн ишеними менен жүрүм-туруму бири-бирине карама-каршы келип калса да, ал үчүн кабатырланбайт. Анткени анын ар дайым шылтоосу даяр. Бирок башка бирөө(лөр) ушундай абалда калган болсо, аларды мазактоодон эч тартынбайт.
- Диндар адам өзү сыяктуу/өзүнө окшоп ишенбегендердин да сүйүүсүнө жана урматына ээ болууга умтулат, буга өзгөчө маани берет. Анын жашоодогу эң негизги принциптеринин бири – "жаратылганды Жараткандан улам сүйүү керек". Диндар, табияттагы бардык жандыктарды Жараткандын назары менен карап, аларды коргоого алат. Ал эми динчил адам өзү сыяктуу ишенбегендердин же ойлонбогондордун жек көрүүсүнө ээ болууну ийгилик деп атап, түркөй фанат болот. Анын көз-карашында дүйнө жана табияттагы ар бир жандык адамга кызмат кылуу үчүн жаратылгандыктан, өзүн кожоюн сезип, ысырап кылып, убалдан коркпойт. Табиятты өзүнүн менчиги катары көрөт. Диндар адам жаратылыш менен дос болуп, табиятка аяр мамиле жасайт.
- Диндар адамдын өз дининен болбогон адамдарга кылган мамилеси Азирети Алинин Египеттин валисине (губернаторуна) жазган катындагы мындай көрсөтмөгө туура келет: «Дин айырмачылыгы үчүн адамдарды бөлбөгүлө. Эсиңде болсун, алардын кээ бирлери силердин диндеги бир тууганыңар болсо, экинчи бөлүгү да жаратылыш жагынан силер менен бирдей/тең». Диндар адам башка диндердин өкүлдөрү менен болгон мамиледе аз. Мухаммеддин (с.а.в.) бул өрнөгүн бекем карманат: Пайгамбарыбыз бир жөөттүн жаназасы өтүп баратканда сый-урматын билгизип, ордунан турган. Ошондо «Бул жөөттүн жаназасы эмеспи, эмне үчүн ордуңдан турдуң?» деген сахабанын суроосуна «Мен бир адамдын жаназасына урмат көрсөтүү үчүн турдум» деп жооп берген. Динчил болсо мусулман эмес ар бир адамга куйтулук/душмандык кылуу дээрлик диндин талабы деп ойлойт. Анын оюнда, керек болсо бардык каапырларды ыйманга чакырып, эгер кабыл албаса өлтүрүп же кул кылуу керек. Ал эми өзү менен диндеш, бирок динди түшүнүүсү, ой-пикири, көз-карашы башкача болсо, аны бузукулукка айыптап, күнөөкөр, адашкан деп, каапырга да чыгарат. Демек, анын көз-карашында мусулман болууңуз да аздык кылат. Сиз ага окшош гана мусулман болушуңуз керек. Анткени динди туура түшүнгөн жана чечмелеп берген жалгыз ал. Андан башка бирөөнүн айткан пикирлери - динди жок кылууга багытталган бузукулук. Диндар адам мазхаб карманса да, эч качан мазхабдарды кайраштырууга барбайт. Ал эми динчилдер башка мазхабдагыларды адашкан деп шылдыңга алып, керек болсо алар кайгырса, апаатка кабылса, ошондон да ырахат алат. (Биздеги динин алмаштырган бирөөнү жектеп, керек болсо ур-токмокко алып, сабаганы, бейиттерин талкалап, тебелеп-тепсеген динчилдерди же акыркы эле окуядагы Арстан Алайдын өлүмүн табалап, шылдыңдаган, андан ырахат алган динчил молдокелерди көрдүк го.) Мусулман эмес өлкөлөргө келген табигый кырсыктарды Алланын жазасы катары көрөт. Ал эми мусулмандардын башына түшкөн кырсыктарды кудайдын сыноосу катары сыпаттайт (Ковид-19 пандемиясында муну да көрдүк).
- Диндар адам сырткы көрүнүш, формаларга (сакал, мурут, чүпүрөк-чапырак ж.б.) эмес, ички дүйнө, рухий жана интеллектуалдык өнүгүүгө маани берет. Динчил болсо сырткы көрүнүшкө көбүрөөк маани берип, ички дүйнөгө, рухий жана интеллектуалдык өнүгүүгө анчейин көңүл бурбайт. Жадагалса улуттук кээ бир баалуулуктарын чанып, бир гана диний баалуулуктарга маани берет.
- Диндар адам Жараткандын жаратуучу сыпатын эске алып, адамдарды жаратмандыкка, бейпил/бардар турмушта жашоого, байгер өмүр сүрүүгө чакырып, муктаждарга көмөк көрсөтүп, зекет берели деп үндөйт. Ал эми динчил «байлык - колдун кири, байлыктын сурагы оор болот, байлар кедейлерге караганда бейишке баланча жыл кеч кирет» деген өңдүү жөө жомокторду айтып, өзүлөрү байлык үйөт, жыргал турмушту жакшы көрөт, паракор байлар менен дос болот. Муктаждарга жардам берип, кайрымдуулук кылса да, аны кожо көрсүнгө кылат, ошондон өзүнө упай топтойт.
- Диндар адам Жараткандын ырайымына жана мээримине үмүт берип, бейишти биринчи орунга койсо, динчил адам ар дайым тозокко басым жасап, коркутууга негизделген диний түшүнүктү алдыга чыгарат. Диндар адамдын динди түшүнүүсүндө/түшүндүрүүсүндө зордук-зомбулукка орун жок. Диндар адам тынчтыкты жактайт. Анткени ал ыйман келтирген диндин аты болгон исламдын маанилеринин бири – Аллага моюн сунуу менен бирге тынчтык экенин абдан жакшы билет. Жада калса жихадды коргонуу максатында болгондо гана шарт деп эсептейт. Диндар адамдын жихады көбүрөөк өз напсиси менен күрөшүү болуп саналат. Динчил адам болсо жихаддын тайыз түшүнүгүн бетке кармап, ар кандай зордук-зомбулукту, анын ичинде согушту Аллах жолунда күрөштүн ажырагыс бөлүгү катары көрсөтөт. Чындыгында ал жихад жөнүндөгү бурмаланган түшүнүгүн өзүнүн такыбалыгынын белгиси катары көрсөтүүгө да аракет кылат.
- Диндар «билгендер менен билбегендер тең болобу?» деген Куран аятын негиз алып, ар дайым билимди, илимди сыйлайт, илимпоздордун баалайт, билгендерди угат. «Илим алуу эркекке да, аялга да парз» деген пайгамбардын осуятын орундатып, кыз балдарын окутат, билим берет, коомго, дүйнөгө пайдалуу инсан калыптандырыш үчүн баардык аракетин көрөт. Ал эми динчил адам илимге да, илимпоздорго да шектенүү менен мамиле кылат. Өзүнүн ишенимине карама-каршы келет деп ойлогон кээ бир илимий өнүгүүлөрдү кас көз караш менен четке кагууга жакын болот. Бирок кээде илим сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү өзү үчүн пайдалануудан тартынбайт. Кыз балдарын окутпай, билим бербей эле эртерээк турмушка узатууну көздөшөт. Бирок аялы төрөй турган болсо же кызы ооруп калып ооруканага барса, аял дарыгерге гана кайрылат. Кыскача айтканда, динчил адамдар илим-билим менен эки жүздүү мамиледе болушат. (Бул салыштыруулар түрк тилиндеги материалдардан колдонулуп, өзүбүз тараптан да алымча-кошумча кылынды.)
Динчил менен диндар адамдын жүрүм-турум, көз-карашы жана ой-пикирин салыштырууну жаза берсек, аягы бүтпөчүдөй. Андыктан жыйынтыктап айтканда, мына ушул себеп/жүйө, аргументтерден улам жана коомдук-саясий-маданий шарттарга жараша түшүнүктөрдүн да өзгөрүп жатканына байланыштуу биз дагы бул эки сөздү бири-биринен ажыратып, эки башка аныктама беришибиз ылаазым. Антпесе, оң мааниде колдонулган диндар сөзүн көбүнчө терс мааниде колдонулган динчил сөзү менен чаташтырылып, чыныгы момундардын таза абийирине да шек келтирилип жатат.
Ошентип, кыргыз тилиндеги "динчил" сөзүнө «өз диний ишенимине бек, диний ырым-жырымдарын/адаттарын аткарган, диний ишенимин таратууну/жаюуну көздөгөн киши» деп маанилик аныктама беребиз. Ал эми "диндар" - бул «дин ишеними бар, диндин баалуулуктарын карманган, анын эреже, талап жана буйруктарын чын ыкласы менен аткарган киши». Бул сөздөрдү маанилик жактан ушундай таризде айырмалай жүрөлү деп сунушайм.
Соңку сөз
Бул макалабызда "динчил" жана "диндар" сөздөрүнүн маанисин айырмалоо керек деген оюмду ортого коюп, аны азыркы түрк тилиндеги мааниси жана өзүбүздүн исламдашуу жараянына байкоо салуу менен талдаганга аракет кылдым. "Кыргыз коому динчил болуп баратабы же диндарлыкка ыктап келеби?" деген баштапкы суроого жооп издеп, бир канча себеп/жүйөлөрдүн натыйжасында "көпчүлүк динчил болуп баратат" деген бүтүмгө келдим. Албетте, бул менин жеке байкоом жана ал байкоомдун натыйжасында жаралган ой-пикиримди эч кимге таңуулабайм. Ошол эле учурда бул талдоом жетишсиздик кылып, чыгарган бүтүмүмдүн талаштуу жактары да болушу мүмкүн. Себеби чындыгында "кыргыз мусулман коому динчил болуп жатабы же диндар болуудабы?" деген суроонун абсолюттуу так/туура жообу жок, аны биротоло аныктоо да мүмкүн эмес. Ошентсе да социологиялык, психологиялык усулдарды колдонуу менен бул суроонун болжолдуу жообун таап, жалпы тенденцияны аныктоого болот. Бул эми келечектин иши...