Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Бычакталган келиндин күйөөсү эки айга камалды


Кылмышка шектүү.
Кылмышка шектүү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде 33 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө шектүү, күйөөсү Б.К. аттуу жарандын бөгөт чарасын карап, 4-июнга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун кеңсе кызматы кабарлады.

Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин - Рахима Айкымбаева күйөөсүнүн колунан каза тапканын 4-апрелде "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыккан.

Көп өтпөй Биринчи май райондук милициясы кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары утур-утур катталып, өлүм менен катталган учурлар да болуп келет.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG