Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Мэр “Ак-Кула” ат майданынын жерин парк кылуу сунушуна пикирин айтты


“Ак-Кула” ат майданы. Социалдык тармактардан алынган фото.
“Ак-Кула” ат майданы. Социалдык тармактардан алынган фото.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев социалдык тармактардагы “Ак-Кула” ат майданынын жерине парк салуу сунушу боюнча журналисттерге жооп берди. Жунушалиев шаарда батирге муктаж жарандар көп экенин айтып, көп кабаттуу үйлөр түшкөнү туура болот деди.

“Өзүңөр ойлонбойсуңарбы, 47 гектарга кантип сейил бак болот? Бишкек шаарынын тургундарында, кыргызстандыктарда көп кабаттуу үйлөргө муктаждык бар. Ал муктаждыкты чечишибиз керек. Илгеркидей бирөөгө жашыруун берип салбай, аукционго койдук. Ар бир гектарга көз карандысыз эксперттин чечимин чыгарып бериптир. 1 гектары 2 млн доллардын тегереги болот. Ал жерге көп кабаттуу үйлөр түшкөнү менен, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык мекемелердин орду бар. 47 гектар жерге сейил бак болбойт”, - деди Жунушалиев.

Бишкек мэриясы Термечиков көчөсү 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын 45,73 гектар жерин 8 млрд 731 млн 917 миң сомго аукционго койгон.

Социалдык тармактарда жарандар ат майдандын жерине парк салууну сунуштап жатышат.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, 3 миң орундуу “Ак-Кула” ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы март айында “Ак-Кула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруп, ат майданды башка жерге көчүрүү керектигин билдирген. (AiB/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG