Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:48

Серб республикасында "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети уланууда


Серб республикасынын юстиция министри Милош Букейлович.
Серб республикасынын юстиция министри Милош Букейлович.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасында (Republika Srpska) талаштуу "чет өлкөлүк агент" мыйзамын кабыл алуу аракети уланууда. Сырттан каржылануучу коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектей турганы айтылып келаткан мыйзам долбоору 3-апрелде өлкөнүн Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.

Өкмөттүн мындай мыйзамды кабыл алуу демилгесине коомчулук өкүлдөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар каршы чыгышкан.

Бийлик сырттан жардам алуучу кайсы бир коммерциялык эмес уюмду саясий ишмердик менен алектенүүдө, коомдук пикирге таасир этүүгө аракеттенүүдө жана өлкөнүн бүтүндүгү менен Конституциясына коркунуч келтирүүдө деп тапса, ага "чет өлкөлүк таасирдеги агент" деген аныктама берилет.

Каржылык же кандайдыр бир башка жардам алган уюмдар 15 күн ичинде Юстиция министрлигин кабардар кылууга милдеттүү болот. Мыйзам талаптарын аткарбагандар жоопко тартылат.

Серб республикасынын президенти Милорад Додик Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышта экени айтылып келет.

Мыйзам кабыл алынса, 2025-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.

"Чет элдик агент" тууралуу мыйзам постсоветтик өлкөлөр арасында Орусиядан кийин Казакстанда кабыл алынган. 2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады. Адатта мындай аныктамага бийликтин ачык, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар туш болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG