Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Украина союздаштарын кошумча Patriot менен жабдууга чакырды


Дмитрий Кулеба.
Дмитрий Кулеба.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киевдин Батыштагы союздаштарына бүгүн 15-апрелде да кайрылып, өлкө «чукул» жардамга муктаж болуп жатканын айтты.

Украинанын «Эл аралык Крым платформасы» дипломатиялык демилгеси алкагында уюштурулган Кара деңиздеги коопсуздук боюнча экинчи конференциянын ачылышына видеобайланыш аркылуу катышкан Кулеба союздаш өлкөлөрдү абадан коргонуу боюнча өтө керек болуп жаткан кошумча системаларды тез арада жөнөтүүгө чакырды.

Бул жолку конференцияны украин бийлиги Болгария менен биргеликте уюштурду. Кулеба Украинанын абадан коргонуусу коңшу өлкөлөр үчүн да маанилүү экенин белгилеп, АКШнын Patriot зениттик-ракеталык комплекси сыяктуу коргонуу системалары менен жабдуунун маанилүүлүгүн айтты.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.

Кулеба 4-апрелде Брюсселде НАТОго мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынын жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусиянын учкучсуз учактар чабуулдарына каршы туруу үчүн НАТО өлкөлөрүн Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареяларынан көбүрөөк жөнөтүүгө чакырып, "Эмне үчүн союздаштар күн сайын баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалып жаткан жерге кошумча батареяларды жөнөтө албай жатышканы түшүнүксүз болууда", - деп айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG