Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Ысык-Атада 11 гектар жерди мыйзамсыз менчиктөө фактысы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка жана Люксембург айыл аймактарындагы 11 гектар жер тилкесине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу фактысын аныктады. Ал үчүн сот чечимдери бурмаланып, мамлекеттик органдардын иши жасалмаланган.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул факты боюнча жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., жер мафиясынын уюштуруучулары С.А. жана Р.М. аттуу адамдар кармалды. Баары Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде УКМКнын тергөө абагына камалды.

Коопсуздук кызматы учурда аталган фактыга катышы бар башка кызматкерлерди аныктоо аракеттери жүрүп жатканын кабарлады.

Чүй облусунда буга чейин да ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп, сатылганы айтылып, шектүү катары 26 адамга кылмыш иши козголгон. Бул иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Сокулук районунда эле мурдараак “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон. Коррупциялык аракеттери үчүн Аламүдүн районунда да аткаминерлер да кармалып, камалышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG