Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Таласта депутат Чойбековдун тарапкерлери акцияга чыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековду колдогон акция. 16-апрель. Талас шаары.
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековду колдогон акция. 16-апрель. Талас шаары.

16-апрелде Талас шаарындагы Баатырлар паркында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековду колдогон акция өттү.

20га жакын адам Чойбековду мандаттан ажыратуу боюнча биринчи жана экинчи инстанциядагы сот чечимдерине нааразылык билдирип, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту.

2021-жылы аталган округдан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү быйыл Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп келген Бактыбек Чойбековдун добуш сатып алганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн.

Боршайком 22-февралдагы отурумунда Абдыкадыровдун арызын канааттандырган эмес. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун айткан.
Бишкек шаарынын административдик соту 28-февралда бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырган.

Кийин Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бактыбек Чойбеков 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Ушул эле округдан Эмилбек Абдыкадыров да ат салышкан. Ал 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын ноябрь айына чейин Бишкектин мэри, андан кийин үч ай президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеди. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG