Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Орусияда Ишим суусу да кооптуу деңгээлден ашты


Орусиянын бир нече аймагын суу каптоодо.
Орусиянын бир нече аймагын суу каптоодо.

Орусиянын Батыш Сибир аймагындагы Тюмен облусунда да сел каптоо коркунучу жаралууда. Ишим шаарынын администрациясы бүгүн 16-апрелде жергиликтүү тургундарга кайрылып, Ишим суусунун деңгээли кооптуу чекке жеткенин, андыктан эвакуация зарыл экенин эскертти.

Соңку маалымат боюнча, Ишим дарыясында суунун деңгээли жогорулап, кооптуу деп аныкталган 8 метрден ашты.

Жергиликтүү бийлик суу дагы көтөрүлүп, майда көпүрөлөрдү агызып, эгин талааларын жана калктуу пункттарды байланыштырган ички жолдорду капташы ыктымал экенин билдирүүдө.

Ишим шаарында 65 миң киши жашайт. Айрым тургундар коңшу Казан облусуна чыгып кетүүдө. Тюмен облусунун башчысы Александр Моор эвакуация талабын аткарбаган тургундарга айыппул салынарын эскертти.

Коңшу Курган облусунда сел 880 үйдү каптаганын, кооптуу аймактардан дээрлик 13 миң киши эвакуация болгонун 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Тобол дарыясында суунун деңгээли дээрлик 6,5 метрге жеткени, 6 метрден ашса жээктеги аймактарды суу каптай турганы белгиленген.

Томск облусунун Томск районунда, Бурятиянын Иволга районунда да суу каптоо коркунучунан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат.

Орусияда Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абал көзөмөлдө экенин айтууда.

Суу ташкынынын айынан коңшу Казакстандын бир нече облусунда да өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Жалпысынан эки өлкөнүн чектеш тилкесинде сел каптаган аймактардан 125 миңдей киши эвакуация болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG