Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Азия чемпионаты: кыргызстандык эки балбан финалга чыкты

Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

16-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Раззак Бейшекеев финалга чыкты.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмак ченинде 1/8 финалда индонезиялык балбан Супарманто Супармантону 11:0 менен мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда Өзбекстандан келген Илхом Бахромовду 8:0 менен, жарым финалда ирандык атаандашы Амирреза Дехбозоргини 11:0 менен утуп финалга чыкты. Эми алтын медал үчүн жапониялык Каито Инаба менен кез келет.

Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта биринчи беттешинде монголиялык балбан Ганбаяр Намсрайды 14:0 менен утту. Чейрек финалда казакстандык Алматбек Аманбекти 7-1 менен жеңди. Жарым финалда Түштүк Кореядан келген Ханжае Чонгду 2:1 менен утуп финалга чыкты. Финалда ирандык балбан Саед Мурад Исмаили менен күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. 15-апрелде Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта күмүш, Улан Муратбек уулу грек-рим күрөшүнөн 55 кг салмакта коло медал жеңген.

Буга чейин эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал алышкан. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG