Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Украина Орусия учурган дрондун баары кармалганын билдирди


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украинанын абадан коргонуу системасы Орусия 16-апрелге караган түнү учурган тогуз учкучсуз учактын баарын атып түшүрүүгө үлгүргөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.

Дрондор Херсон, Николаев, Хмельницкий, Полтава, Черкасск жана Днепропетров облустарынын аймагынан кармалганы кабарланды.

Украина абадан коргонуу системасы жана курал-жарагы саны жагынан аз болуп, көйгөй жаралганын айтып жаткан чакта Орусия украин энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарын активдештирүүдө.

АКШ жана башка союздаштары убада кылган аскердик жардам маселеси чечиле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG