Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:02

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: "Соростун" билдирүүсү, бийликтин жообу


“Сорос-Кыргызстан” фондунун имараты.
“Сорос-Кыргызстан” фондунун имараты.

Кыргызстанда медицина, билим берүү, адам укугу сыяктуу социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырып келген “Сорос-Кыргызстан” фонду өз ишин токтотууда. Уюм жабылышына өлкөдө кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам себеп болгонун, анда “чектөөчү жана так эмес эрежелер” бар экенин белгиледи.

"Тобокелчилик жана белгисиздик жаратты"

15-апрелде "Ачык коом" фондунун президенти Бинайфер Новрожи “Сорос” Кыргызстанда демократия жана ачык коомго умтулган элди колдоп келгенин белгилеп, эми бул иш уланбай турганын билдирди. Ал "аталган репрессивдүү мыйзам жарандык коомду белгисиздик жана коркутуу атмосферасында иштөөгө аргасыз кылып жатканына кайгыруудабыз” деген билдирүү жарыялады.

“Сорос-Кыргызстан” фондусунун аткаруучу директору Нуриана Картанбаева бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүүнү негизгиз деп эсептейт. Ал мыйзам жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын иштешине тоскоол болорун билдирди.

Нуриана Картаңбаева.
Нуриана Картанбаева.

“Сөз эркиндигине болгон укук, тынч жыйындарды уюштуруу укугу же мамлекеттик башкарууга катышуу укугу - булардын баары саясий ишмердик катары аныкталды. Бул укуктук жактан жана бардык тараптан туура эмес. Адам укуктарын толук колдонууга мүмкүнчүлүк болбойт. Албетте, мунун баары фонддун кызматкерлери, ошол эле учурда өнөктөштөр менен биздин ишке тартылган адамдар үчүн тобокелчиликтерди жана бүдөмүк жагдайды жаратат”, - деди уюмдун башчысы.

Бийликтин реакциясы

Кыргызстандын президентинин администрациясы "Сорос" фондунун жабылышын "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамына байланыштырууну туура эмес деп эсептейт. "Сорос-Кыргызстан" фондунун жабылышы тууралуу комментарий берип, фонддун жабылары мурда эле белгилүү болгонун белгилеген.

"Ошондуктан фондду жабуу чечимин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө" мыйзамга байлаганы таң калтырды. Акыркы убактарда Жорж Соростун үй-бүлөсү жана чөйрөсү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүн жаап жатат. Фонд Украина менен Грузиядан тышкары Борбор Азиядагы жана Чыгыш Европадагы кеңселерин жапкан. Президенттик администрация "Сорос-Кыргызстан" фондунун өлкөдө 30 жылдан берки аралыкта мыйзам үстөмдүгүн орнотууга жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын баалайт", - деп жазылган маалыматта.

Бийликтин билдирүүсүндө Кыргызстан "Сорос" фонду менен мындан ары кызматташууга даяр экени кошумчаланган.

"Кыйын кырдаалдарда кол сунду"

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери бул фонд өлкөнүн булуң-бурчунда билим берүү, саламаттык сактоо, юридикалык жардам, ишкерлик жаатында бир катар долбоорлорду ишке ашырып келген.

Маселен, 2020-жылы дүйнөнү каптаган коронавируска каршы күрөштө бейтаптарга ыкчам жардам берүүчү 118 кызматы “Сорос-Кыргызстан” фондусунун демилгеси менен ишке кирген.

Ошол учурдагы президенттин администрациянын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Максат Усубалиев 118 кызматы натыйжалуу демилгелердин бири болгонун айтты:

Максат Усубалиев.
Максат Усубалиев.

“Абал өтө оор болуп жатканына байланыштуу ошол мобилдик бригадалар чоң жардам көрсөттү. Жанында дарыгери менен 3-4 кишиден турган топ жарандардын үйлөрүн кыдырып турушкан. Көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калган”.

Фонд иштеген 30 жылдан бери өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына эле 2 млн доллардай каражат салып, айрым техникалык жабдыктар, дарыгерлердин билим деңгээлин көтөрүү жана калкка медициналык кызматты тегиз жеткирүүгө салым кошту.


1993-жылдан бери 110 млн доллардан ашык каражат сарптап, билим берүү, саламаттык сактоо, санарип технологиялар, сот адилеттигин жана юридикалык жардамды реформалоо тармактарында бир топ долбоорлорду жарандык коом жана өкмөт менен биргеликте ишке ашырды.

Учурда социалдык тармактарда “Сорос-Кыргызстан” фондунан жардам алган ондогон жарандар жазып жатышат.

"Соростун" программалары жабылары айтылган

Буга чейин америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген "Ачык коом" фонддору келерки жылдан тартып Европа өлкөлөрүндөгү программаларын кыскарта турганы белгилүү болгон. Анын ордуна Европа Биримдигине мүчө эмес же аймактагы жакыр өлкөлөрдөгү ишмердигин кеңейтет. Бул тууралуу бир катар эл аралык басылмалар аталган фонддун ички кат алышууларына таянып жазып чыгышты.

Мыйзамдын кесепеттерин эскертишкен

Буга чейин Кыргызстандагы 100дөн ашык эл аралык уюмдар президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган мыйзамга кол койбоого чакырган. АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери бул кадамдын демократияга, экономикага тийгизер кесепеттерин эскерткен.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев мындан ары өлкөдө бейөкмөт уюмдардын иши кыйла чектелет деп божомолдойт:

“Кайсы бир сандагы уюмдар ишмердигин токтотуп коюшу ыктымал. Баары жабылып калбайт деген үмүтүм бар. Бирок улантабыз деген уюмдар – медиа, адам укуктары, демократия, сөз эркиндигине жакын долбоорлор азайып калышы мүмкүн. Менимче, мунун натыйжасы жакшы болбойт", - деди.

Орусиядагы "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын көчүрмөсү катары мүнөздөлгөн бул мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Реестрдеги уюмдар ар кандай текшерүүлөргө дуушар болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG