Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Польша башпаанек сураган тажик активистин депортациялады


Фаррух Икромов президент Эмомали Рахмондун 2023-жылы Германияга сапарына каршы акцияда. 2023-жыл.
Фаррух Икромов президент Эмомали Рахмондун 2023-жылы Германияга сапарына каршы акцияда. 2023-жыл.

Польша бийлиги башпаанек издеген 36 жаштагы тажикстандык Фаррух Икромовду өлкөдөн депортация кылды.

Икромов – президент Эмомали Рахмондун 2023-жылы Германияга сапарына каршы акцияга катышкандардын бири. 2023-жылы 29-сентябрда Рахмондун Берлинге сапары маалында бир топ тажик качкындары нааразылык акциясын өткөрүп, анда президенттин кортежине жумуртка ыргыткан.

Фаррух Икромов 2016-жылы жубайы жана балдары менен Тажикстандан чыгып кетип, Польшада жашай баштаган. Анын адвокаты 15-апрелде активист Дүйшөмбүгө депортация болгонун кабарлады. Ал Икромов өз мекенинде кыйноого кабылып, узак мөөнөткө абакка камалышы мүмкүн деген кооптонусун билдирди.

Польша бийлиги кырдаал боюнча комментарий берген жок.

Тажикстандагы саясий барымтадагыларды жана туткундарды куткаруу боюнча жарандык комитеттин жетекчиси Абдусаттор Бобоев “Польша Икромовго башпаанек берген эмес” деп билдирди.

"Мындан улам ал бир нече ай мурда Германияга кеткен, бирок ал жактан кайра Польшага жөнөтүлгөн. Ал мыйзамсыз мигранттардын лагеринде кармалып турган. 10-апрель күнү телефон чалганбыз, ал эмнегедир сүрөткө тартышканын айткан. Бир күндөн кийин телефону иштебей калды. Анын адвокаты Икромов Польшадан чыгарылганын айтты", - деп билдирди Абдусаттор Бобоев.

Фаррух Икромовдун жакындарынын айтымында, ал саясий ишмердүүлүк менен алектенген эмес, бирок жубайы буга чейин Тажикстандын азыр тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү болгон. 2015-жылы тажик бийлиги аны террордук уюм деп таап, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салгандан кийин үй-бүлө куугунтуктан коркуп, Польшага көчүп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG