Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Украина Орусиянын радарын жок кылганын билдирди


«Небо-У».
«Небо-У».

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Брянск облусунда «Небо-У» радиолокациялык комплексин учкучсуз учактар менен бутага алып талкалаганын бүгүн 16-апрелде «Азаттыктын» украин кызматы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматта айтылгандай, Орусияда жайгашкан бул комплекс аба мейкиндигин Украинанын аймагына 700 чакырым ичкери көзөмөлдөй алчу жана орус аскерлерине Украинанын техникасын аныктап, чек ара тилкесин бомбалоого жардам берчү.

100 миллион долларлык «Небо-У» комплексине жети дрон менен чабуул коюлганы, ал эми жарактан чыгып, «дуршлагга» айланганы белгиленди.

Орусия бул тууралуу расмий комментарий бере элек. 16-апрелде өлкөнүн Коргоо министрлиги Украина Белгород облусуна дрон менен чабуул койгонун гана билдирди, Брянск боюнча эч нерсе айтылган жок.

2023-жылдын сентябрь айында Украина Орусиянын чек арадагы Белгород облусунда «Каста-2Е2» радиолокациялык комплексин жол кылганын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG