Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Тажикстанда ондогон үйлөрдү сел каптады


Тажикстан.
Тажикстан.

Тажикстанда ондогон үйлөрдү сел каптаганын бүгүн, 16-апрелде «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Айрыкча Вахдат шаарынын жана Рудаки районунун айрым жерлери жабыркаганы, сел 15-апрелге караган түнү жааган нөшөр жаандан кийин башталганы маалымдалды.

Расмий маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундар арасынан эч ким жабыркаган жок.

Рудаки районунда 24 үйдү суу каптады.

Борбор калаа Дүйшөмбүдө нөшөр жаандан кийин айрым жолдор убактылуу жабык болуп турду.

Өзгөчө кырдаалдар комитети жаратылыш кырсыгы болгон жерлерге атайын техника жетиштүү жөнөтүлгөнүн, коргонуу жана тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бирок, «Озоди» радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, техника жетишпей, адамдар тазалоо иштерин өз алдынча жүргүзүүгө мажбур болуп жатышат.

«Озоди» радиосу билдиргендей, Тажикстан түрдүү жаратылыш кырсыктарынан жыл сайын миллиондогон долларлык чыгым тартат. Жазында сел бир топ аймактарды каптайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG