Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

"Келбесе айлык албасын". Кнопка басуу адаты депутаттарды араздаштырды


Парламент залы.
Парламент залы.

Жогорку Кеңеште сессияга келбей калгандардын ордуна башка депутаттардын добуш бергени боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.

11-апрелде Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзам долбоорунун өтпөй калганы депутаттар арасында пикир келишпестик жаратты.

Депутаттар Динара Ашимова жана Кубанычбек Самаков мыйзамга “макул” деп добуш бергенин, бирок жыйынтыгында “каршы” болуп көрсөтүлүп калганын айтып чыкты.

Эл өкүлдөрүнүн мыйзамды кайра алып келүү боюнча талашы уланып, келбей калгандардын ордуна кимдер добуш бергенин териштирүү сунушуна чейин жетишти. Самаков мисал катары депутат Жанар Акаевди атады.

Кубанычбек Самаков
Кубанычбек Самаков

“Болгону эске алып коюңуз дедим. Бул жерде регламент жөнүндө сөз кылып жатат. Мисалы, Жанар Акаев расмий түрдө командировкада экен. Анын ордуна бирөө добуш берип койгон болсо, регламенттин кайсы беренесине ылайык келет? Добуш берүү бузулган болот”, - деди Самаков.

Акаев жетектеген “Альянс” фракциясынын депутаты Чыңгыз Айдарбеков буга чейинки кабыл алган мыйзамдар дагы кандай добуш берүү менен өткөнүн изилдеген комиссия түзүүнү сунуштады.

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

“Эгер ушундай сөз болсо, "ким кандай добуш берди, ким катышкан эмес" деп бардык мыйзамдар боюнча комиссия түзүп, карап чыгалы. Убагында ким кандай добуш бергенин билебиз. Залда 20-25 киши отуруп, анан 50-60 добуш берилген. Баарын билебиз. Биздин фракцияга эмне асылып жатат”, - деди депутат.

Эл өкүлү Аманкан Кенжебаев мындан кийин башкалардын атынан добуш берүүнү токтотууну сунуштаса, депутат Камила Талиева айрым мыйзамдар кайра-кайра добушка коюлуп, регламент бузулган учурлар көп болуп жатканын айтып чыкты.

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев соңку учурда депутаттардын жыйынга катышпай жатканын айтып, кесиптештерин сындады. Ал айрым мыйзамдар жөн гана тийиштүү добуш жетпей калгандыктан өтпөй калып жатканын белгилеп, депутаттарды жоопкерчиликке чакырды.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Саат 12ден кийин 30-35, 40ка араң жеткен депутат отурат. 40 депутат бул жерде күзөтчүдөй отурабыз. Бул өтө жаман көрүнүш, муну токтотуу керек. Ким келбесе, айлык албасын, регламентке ушинтип жазалы. Катталбасын, добуш бербесин. Былтыр мен иштеп чыккан эки мыйзам өткөн жок. Эч ким каршы баскан жок, болгону добуш жетпей калган эле”, - деди депутат.

Талаш-тартыш бир топко созулду. Парламент төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттардын нааразычылыгына жооп берип, сессиялар жана документтерди кабыл алуу мыйзам чегинде болуп жатканын билдирди. Учурда парламенттин регламенттине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору депутаттардын кароосунда турат. Анда эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсүндө Face ID жана Touch ID технологияларын киргизүү сунушталган. Депутат Марлен Маматалиев жакында бул боюнча техникалар келерин билдирди.

“Азыр кореялыктар сатып берип жатат. Андан кийин бул маселе токтойт. Кайра-кайра эле бул маселени айта бербейли. Коомчулук дагы туура эмес түшүнүп жатат”, - деди.

Бул чакырылыш гана эмес, дегеле кыргыз парламентинде келбей калган депутаттын ордуна башка кесиптешинин добуш берүүсү коомчулуктун кескин сынына кабылып келет. Далай жолу журналисттер маанилүү делген мыйзамдарда залдагы 20-30 депутат келбей калгандардын ордуна чуркап добуш берип кабыл алганын видеого тартып алган учурлары болгон.


Жарандык активист Шаирбек Маматокторов парламенттеги бул көйгөй депутаттардын сапатынан көз каранды экенин белгилейт. Ал бири-бирине добуш берүү соңку чакырылыштардын депутаттары үчүн кадимки көрүнүш болуп калганын айтууда.

“Алар бала бакчадагы балдар эмес, өз атынан добуш берсин, жыйынга келсин деп дайыма тыйып, айтып тургудай. Алар сиз экөөбүзгө, коомго үлгү болуш керек. Ага жол бербеген технологияларды колдонуудан мурда өздөрүнүн моралдык жоопкерчилиги бар. Башка бирөөнүн ишеними, чечими үчүн кантип добуш бересиз же сизге добуш бердирүүгө кантип макул болосуз? Айрыкча алтынчы чакырылышта күчөдү. Аксакал депутаттар чуркап, ар бир фракцияда төрт-бештен киши отуруп мыйзам кабыл алынган учурлар болгон”, - деди активист.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, үч депутаттык топ бар.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG