Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Президенттик администрация: "Соростун" жабылышын "Чет элдик өкүл" мыйзамына байланыштыруу туура эмес


 2023-жылы октябрда "Сорос Кыргызстан" фондунун ачылганынын 30 жылдыгы белгиленген.
2023-жылы октябрда "Сорос Кыргызстан" фондунун ачылганынын 30 жылдыгы белгиленген.

Кыргызстандын президентинин администрациясы "Сорос Кыргызстан" фондунун жабылышы тууралуу маалыматка комментарий берди.

Анда "Сорос Кыргызстан" фондунун жабылары аталган фонддун эмгек жамаатына жана башка жарандык активисттерге мурда эле белгилүү болгону айтылган.

"Ошондуктан фондду жабуу чечимин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзамга байлоо таң калтырды. Акыркы убактарда Жорж Соростун үй-бүлөсү жана чөйрөсү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүн жаап жатат. Фонд Украина менен Грузиядан тышкары Борбор Азиядагы жана Чыгыш Европадагы кеңселерин жапкан. Көптөгөн аймактардагы долбоорлору да жабылды жана кыскарды. Президенттик администрация "Сорос Кыргызстан" фондунун өлкөдө 30 жылдан берки аралыкта мыйзам үстөмдүгүн орнотууда жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын баалайт", - деп жазылган маалыматта. Кыргызстан "Сорос" фонд менен мындан ары кызматташууга даяр экени кошумчаланган.

"Сорос Кыргызстан" («Ачык коом») фонду Кыргызстанда эл аралык булактардан каржылануучу жергиликтүү уюмдардын ишмердиги боюнча кабыл алынган мыйзамдан кийин бул өлкөдөгү өкүлчүлүгүн жаап жатканын 15-апрелдин кечинде жарыялаган.

Фонд 1993-жылы ачылып, 115 миллион долларга билим берүү, саламаттык сактоо, санарип технологиялар, сот адилеттигин жана юридикалык жардамды реформалоо тармактарында бир топ долбоорлорду жарандык коом жана өкмөт менен биргеликте ишке ашырды.

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген "Ачык коом" фонду быйылкы жылдан тартып Европа өлкөлөрүндөгү программаларын кыскартарын, анын ордуна Европа Биримдигине мүчө эмес же аймактагы жакыр өлкөлөрдөгү ишмердигин кеңейтерин бир катар эл аралык басылмалар былтыр жазып чыгышкан.

Соростун фонддорунун Европадан кетип жатканына байланыштуу айрым укук коргоочулар камтамачылык билдиришкен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG