Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Курманкул Зулушев Шайлообек Атазовдун дооматына жооп берди


Шайлообек Атазов жана Курманкул Зулушев. Коллаж.
Шайлообек Атазов жана Курманкул Зулушев. Коллаж.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун буга чейин парламентте айткан сын-дооматына жооп берди.

Бул тууралуу ал 16-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып айтты. Башкы прокурор Шайлообек Атазовдун сөздөрүн тактоого азырынча мүмкүн эместигин, депутат ошол кезде өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди.

“Өзүнө болгон куугунтукту менден көрүп жатканын түшүндүргөн жок. Анын маселесине прокуратуранын тиешеси жок. Ишин сот чечип жатат. Кандайдыр бир буйрукту аткаруу үчүн мени каралап кетти окшойт. Анын сөздөрүндө менин аты-жөнүм аталганы менен, мааниси башка”, - деди ал.

Шайлообек Атазов 13-мартта парламентте атайын билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптаган. Ал Курманкул Зулушевдин мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы бар экенин айтып, анын да жоопкерчилигин көтөргөн.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахман Муртазалиевге берилет.

5-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG