Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл

Үч округдагы шайлоо: Ошто добуш сатып алуу боюнча арыздар түштү

Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо башталды. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.

Буга алардын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштары себеп болгону айтылган.

18:23 28.4.2024

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу үч округда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо саат 16.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, Баткен округунда тизмедеги шайлоочулардын 16,88% (18 967 адам) добуш берди. Ал эми Ош округунда добуш бергендер 12,64% (15 852 адам ) жана Кара-Суу округунда 11,29% шайлоочу (12 644 адам) добуш берди.

18:20 28.4.2024

Баткен облустук ички иштер башмармалыгы бир мандаттуу Баткен округунда шайлоочуларды ташууга байланыштуу тараган аудио тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, иликтеп-териштирүүдө ошол үн жазууну тараткан адам аныкталган, бирок ал аудиону тамаша иретинде гана жөнөткөнү белгилүү болгон.

Бир мандаттуу Ош округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо шаардык ички иштер башкармалыгына беш арыз түшкөн. Милиция анда “шайлоо тилкелеринде күмөндүү жарандар жүргөнү жана алар акча таратышы мүмкүн экени” тууралуу шек саноолор жазылганын кабарлаган.

Шаардык милиция 27-апрелде Ошто талапкерлердин биринин үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалганын маалымдаган, бирок азырынча толук маалымат бере элек.

Кара-Суу шайлоо округунда милицияга түшкөн арыз-даттануулар тууралуу азырынча маалымат жок.

Добуш берүү күнүн утурлай ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоодо мыйзам бузууга жол берген жетекчилерге жана кызматкерлерге чара көрүлөрүн эскерткен.

16:22 28.4.2024

№7 Ош шайлоо округу боюнча Ош шаардык милициясына беш кайрылуу түштү.

Анда “шайлоо тилкелеринде күмөндүү жарандар жүргөнү жана алар акча таратышы мүмкүн экени” тууралуу шек саноолор жазылганын Ош шаардык милициясы билдирди.

Мекеме билдиргендей, азыр 800дөн ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылып жатышат.

Элдик кошуундар, ошол аймактагы ички иштер органдарында иштеп, эмгек өргүүгө чыккан ардагерлер да ишке тартылган.

Кара-Суу шайлоо округу боюнча милициягатүшкөн арыз-даттануулар боюнча азырынча маалымат жок.

27-апрелдин кечинде Ошто талапкерлердин биринин үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалганын милиция билдирди. Талапкердин аты-жөнүн айткан жок.

16:05 28.4.2024

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) билдиришинче, саат 14.00гө карата бир мандаттуу Баткен шайлоо окуругунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо тизмедеги шайлоочулардын 13,64% (15 325 адам) добуш берди. Ал эми Ош округунда добуш бергендер 10,70% (13419 адам ) жана Кара-Суу округунда 9% (10084) болду.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG