Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл
Ош шаары. 28-апрель, 2024-жыл

Үч округдагы шайлоо: Ошто добуш сатып алуу боюнча арыздар түштү

Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо башталды. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.

Буга алардын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштары себеп болгону айтылган.

09:28 28.4.2024

Бир мандаттуу №2 Баткен округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо башталды. Шайлоо аймагында 81 добушкана ачылды, шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат. Бул округдан 10 талапкер ат салышып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 31 жарандан алдын ала, шайлоо участкасынын сырткары добуш берүү тууралуу арыз түшкөн жана 29у добуш берген.

Облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, коомдук көзөмөлдү 300гө чукул милиция кызматкери көзөмөлдөп турат.

Мунун алдында ички иштер министри Улан Ниязбеков добуш берүү күнү мыйзам бузууга жол берген жетекчилерге жана кызматкерлерге чара көрүлөрүн эскерткен.

Борбордук шайлоо комиссиясы февраль айында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында бул округдан шайланып келген Нурлан Ражабалиевди өзү жазган арыздын негизинде мандаттан ажыраткан.

Ражабалиев 2021-жылдын баында “коррупция” беренеси менен соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 миллион, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 миң сом төгүп берген жана кийин соттуулугу жоюлганы белгилүү болгон.

09:30 28.4.2024

Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын №7 Ош бир мандатуу округунан талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Эргешовдун ишенимдүү өкүлү Мэлис Обозов билдирди.

26-апрелде Бекмурза Эргешовдун талапкерлик каттоосун жокко чыгаруу чечимине Боршайкомдун сегиз мүчөсү “макул” деп добуш берип, чечим кабыл алынган. Буга башка талапкерлердин БШКга жана бийлик өкүлдөрүнө административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков айрым аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер шайлоодогу талапкерлердин бири Эргешовдун штабында жүргөнүн иликтеп чыккан.

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубат бул видео чыккандан кийин атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөнүн жана анын чечими менен айрым кызмат адамдары жазага тартылганын билдирген.

09:30 28.4.2024

№2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үч округда 29 талапкер катталган.

Алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

09:39 28.4.2024

Үч округ боюнча 606 шайлоочу алдын ала добуш берди.

БШКнын маалыматына караганда, жалпы алдын ала добуш берүү өтүнүчү менен 687 шайлоочудан арыз түшкөн.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча – 31,№7 Ош шайлоо округу боюнча - 488, №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 168.

Ага ылайык, №2 Баткен шайлоо округунда – 29 (93,55 %) шайлоочу добуш берди, №7 Ош шайлоо округунда – 419 (85,86 %) шайлоочу добуш берди, №9 Кара-Суу шайлоо округунда – 158 (94,05 %) шайлоочу добуш берди.

"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу добушканага келе албагандар көчмө добуш берүүгө укуктуу.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG