Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Москва: миңдей тажик жараны аэропортто кармалып турат


Москванын "Внуково" аэропортунда кармалып турат делген мигранттар.
Москванын "Внуково" аэропортунда кармалып турат делген мигранттар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Москванын аба майдандарында миңдей тажикстандык жараны кармалып турганын билдирип, жарандарын Орусияга барбай турууга чакырды. Орус бийлиги Орусиянын аймагына кирген чет элдиктер жарандыгына карабастан кылдат текшерилип жатканын айтууда.

Инстаграмдагы борборазиялык мигранттарга байланыштуу баракча бир күн мурун Москванын "Внуково" аба майданындагылар түшүрүлгөн тасма таратты. Тасмада кезек күтүп отурган ондогон борборазиялык мигранттарды көрүүгө болот. Автор "Внуководо" Орусияга киргизилбей жаткан мигранттардын басымдуу бөлүгү тажик жарандары экенин жазган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 27-апрелде Москванын аба майдандарында кармалып турган тажик жарандары тууралуу билдирүү таратты. Министрликтин маалыматына караганда, "Внуково" аэропортунда ушул тапта 954 тажик жараны турат. Арасында Орусиянын аймагында билим алып жаткан студенттер да бар.

"Внуково" аэропортундан 322 адам көп убакыт күтүүдөн кийин Орусиянын аймагына киргизилген. Бирок орус тарап алардын 306сын депортация боло тургандардын тизмесине кошууну көздөп жатат деген маалымат бар. Буга чейин 27 киши Орусиядан чыгарылган.

"Мындай чектөө чаралары бир гана Тажикстандын жарандарына тиешелүү болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Анда Москвадагы "Жуков" жана "Шереметьево" аэропортторунда да тажик жарандары эч кандай тамак-ашы, шарты жок кармалып турганы айтылат.

Ишембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеменин сайтына 27-апрелде жарыяланган билдирүүдө өтө зарыл, чукул гана иш чыкса баруу керектиги жазылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова казак-орус чек арасындагы кезек күтүүлөр, тажик жарандарына карата тыюу салуулар тууралуу комментарий берди. 27-апрелде жарыяланган маалыматта Захарова "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин террордук коркунуч уланып жатканын, буга байланыштуу орус-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

Ал Орусиянын аймагына кирген чет элдик жарандар жарандыгына карабастан кылдат текшерилери атты.

Мария Захарова.
Мария Захарова.

"Чек ара бекеттеринде кезекте турган унаалар тууралуу маалымат каражаттары апыртып жазганын баса белгилеп кеткибиз келет. Учурда алардын жалпы саны 30дан ашпайт. Чек арадан өтүүнү уюштурууда биздин Чек ара кызматы балдарга, аялдарга жана кары-картаңдарга биринчи кезекте көңүл бурат", - деп жазылган билдирүүдө.

Жума күнү Орусияга Казакстан аркылуу жөнөп бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай жатканы кабарланган.

Казак-орус чек арасында 600дөй тажик жараны турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:17 0:00

26-апрелде кезекте турган адамдар «Азаттыктын» казак кызматына видеолорду жиберишкен. Тасмада кезек күткөндөр Орусиянын Оренбург облусунун чек арасында, Казакстандын Актөбө облусу менен чектеш тилкедеги «Сагарчин» эл аралык көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында 22-апрелден бери өтө албай турушканын, орусиялык чек арачылар мунун себебин түшүндүрбөй жатканын айтып беришкен.

Кезек күтүп турган 180ден ашуун тажикстандык номурлуу жеңил машинеде жана кичи автобуста жалпысынан 600дөй адам, арасында балдар, аялдар жана кары-картаңдар бар экени, башка өлкөлөрдүн жарандары чек арадан эч тоскоолдуксуз өтүп жатышканы кабарланган.

Алардын айтымында, орусиялык чек арачылар ар бир жүргүнчүнү өз-өзүнчө бөлмөгө алып кирип текшерип, Орусияга кандай максатта баратканы тууралуу суроо берип, телефонун текшерип жатышат. 14 жашка чейинки балдарды жана 60тан улуу курактагыларды кезексиз өткөрүүнү убада кылышканы маалымдалды.

Кезекте тургандар суткасына 10дон гана машина өткөрүлүп жатканын, өзүлөрү суудан жана тамак-аштан кыйнала баштаганын, Тажикстандын бийлигине, Орусиядагы элчиликке жардам сурап кайрылганын, бирок жооп боло электигин айтууда. Өзүлөрү орус бийлигинин мындай мамилесин «Крокус Ситидеги» окуяга тажик жарандары шектелип кармалганына байланыштырып жатышат.

Ишембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеменин сайтында 27-апрелде жарыяланган билдирүүдө өтө зарыл, чукул гана иш чыкса баруу керектиги жазылган.

Терактка шек саналып тажик жараны кармалды

Москва шаарындагы Басман райондук сотунун чечими менен “Крокус Cитидеги” кандуу кол салууга шек саналган Жумахон Курбонов 27-апрелде камакка алынды.

Жумахон Курбонов кандай жагдайда кармалганы азырынча белгисиз.
Жумахон Курбонов кандай жагдайда кармалганы азырынча белгисиз.

Тажикстандык бул жаранга теракт уюштурууга байланыштуу айып коюлду.

Тергөө материалдарына ылайык, Курбонов "терордук кол салууга керектүү акча берип, телефон байланышы менен камсыздап турган".

“Крокус Cитидеги” куралдуу кол салууга шектүү 13-адам – Курбонов колго түшкөнү 26-апрелде белгилүү болгон. Ал кандай жагдайда кармалганы, күнөөсүн мойнуна алып-албаганы белгисиз.

Укук коргоочулар Москвадагы «Крокус Cити» борборундагы кандуу окуядан кийин Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарга каршы маанай күчөгөнүн, текшерүү көбөйгөнүн билдирип келген.

Human Rights Watch уюму Орусиядагы ксенофобия жана тажик мигранттарынын укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирип келет. Эл аралык уюм 5-апрелдеги билдирүүсүндө кол салуудан кийинки бир жумада орус сотторунда иммиграция боюнча мыйзам бузууларга байланыштуу иштердин саны “70 пайызга көбөйгөнүн” билдирди.

Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияга 650 миңден ашык адам кеткен. Бул өлкөдө тажик мигранттары саны жагынан Өзбекстандан кийинки экинчи орунда турат.

"Азаттыктын" тажик кызматы теракттан кийин миңдеген тажик мигранттары Орусиядан чыгып, Тажикстанга келгенин жазды. Тажикстандын Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын үч айында мекенине кайтып келген иммигранттардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга көп болгон.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG