Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Түркия тажик жарандарын визасыз киргизбейт


Rahmon and Erdogan
Rahmon and Erdogan

20-апрелден тартып тажик жарандарына Түркияга визасыз киришине тыюу салынат. Талдоочулар буга Орусиядагы теракт үчүн кармалган шектүүлөрдүн көбү теги тажикстандыктар экени түрткү болгонун айтышууда. 

Анкаранын чечими

Тажик жарандарынын Түркияга визасыз кирүүсүнө уруксат берген чечимди жокко чыгаруу жарлыгына түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-апрелде кол койду. Жарлыкта “Тажикстандын сыртка чыкканга паспорту бар жарандарынын Түркияга визасыз кирүү режимин жокко чыгаруу чечими кабыл алынды" деп айтылды.

Мындай чара чет элдиктер жана эл аралык коргоо тууралуу мыйзамдын негизинде кабыл алынганы, мыйзам өкмөттүн атайын басылмасына жарыяланар замат күчүнө кирди деп эсептелинери белгиленди.

Дүйшөмбүнүн жообу

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Анкара расмий билдирүүсүн 6-апрелде жөнөткөнүн маалымдады. Эл аралык тажрыйбага ылайык, Түркия тажик жарандары үчүн виза режимин киргизип жатканын алдын ала эскертүүгө милдеттүү.

Министрликтин басма сөз катчысы Шохин Самади тажик тарап дипломатиялык каналдар аркылуу андай эскертүү албаганын айтканын "Азия Плюс" басылмасы 6-апрелде жазды. Самади белгилегендей, дипломатиялык принциптерге ылайык, эми тажик тарап да Түркиянын жарандарынан виза талап кылууга укуктуу.

Тажикстандын тышкы иштер мекемеси Түркияга барууну пландаган жарандарын "документин кылдат даярдоого" жана башка өлкөлөргө Түркия аркылуу транзит менен жөнөй тургандарга башка каттамдарды караштырууга чакырды.

Түркиянын Тажикстандагы элчилиги 7-апрелдеги билдирүүсүндө жаңы эреже 20-апрелден тартып күчүнө кирерин маалымдады. Мекеме мындай чектөө "убактылуу чара" болот деп үмүттөнөрүн белгилеп, Түркия аркылуу башка өлкөлөргө жөнөп жаткан транзиттик жүргүнчүлөргө виза талап кылынбай турганын кошумчалады.

Кооптонуу

Анкара тажик жарандарына эмне үчүн виза режими киргизилгени тууралуу расмий комментарий берген жок. Бирок бир катар басылмалар, анын ичинен орусиялык медиа түрк бийлигинин мындай чечимин Орусиядагы жана Түркиядагы тажик жарандары шек саналып жаткан соңку террордук чабуулдарга байланыштырды.

Түрк парламентинин депутаты Махир Полат тажик жарандарына киргизилген виза режимин кубаттап, Стамбулдун Фатих районунда жыш отурукташкан тажикстандыктар тыкыр иликтениши керек экендигин Х социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына жазды.

Стамбул шаарынын эски бөлүгү
Стамбул шаарынын эски бөлүгү

Полат буга чейин түрк өкмөтүнө бир канча жолу бул маселе менен кайрылганын, ар түрдүү террордук уюмдарга мүчө чет өлкөлүктөрдүн Түркияда тымызын жүргөнүн, бул чоң көйгөй экенин жана жергиликтүүлөрдүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатканын журналист Алтайлыга курган маегинде айтты.

"Фатих районунда тажиктер жыш отурукташкан. Бирок көчөдө аларды көрбөйсүз. Мисалы, оогандардын көчөдө бир нерсе сатып, иштеп жүргөндөрүн көрө аласыз. Ал эми биз көрбөгөн көп факторлор бар. Алсак, аэрпорттогу, чиркөөдөгү кол салууларга тажиктер аралашкан. Тажиктер Стамбулду эл аралык террористтердин аянтчасына айлантышты", - деди түрк депутаты.

8-апрелде Milliyet басылмасы Анкаранын мындай чечимине Москвадагы “Крокус Сити” борборуна кол салууга шек саналып кармалгандар тажикистандык экени жана алардын кеминде экөө Түркиядан туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн документ тапшырып, кийин Москвага учуп барганы себеп болгонун жазды.

Быйыл жыл башында Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түрк бийлиги алардын бирөө тажикстандык, экинчиси орусиялык экенин жарыялаган.

Тажикстандагы өкүнүү жана чочулоо

Тажикстандын авиабилет сатуу менен алектенген компаниялары Түркиянын чектөө чечими алар үчүн күтүүсүз болгонун айтып жатышат.

Дүйшөмбү шаарындагы компаниялардын биринин кызматкери "Азаттык" радиосунун тажик кызматына Тажикстандын расмий органдары бул тууралуу аларга азырынча эч кандай түшүндүрмө бере электигин, виза режими качан жана кандай шартта киргизилгени жатканы тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Пресса менен байланышууга укугу жок болгондуктан, аталган кызматкер өзүнүн аты-жөнүн ачык айтуудан баш тартты. Ал Бириккен Араб Эмирликтери сыяктуу электрондук виза киргизилиши ыктымал деген божомолун айтты:

"Алар визаны учар алдында электрондук система аркылуу же аэропорттун өзүнөн ала алышат. Бирок бизде кандай болору азырынча белгисиз. Адатта электрондук виза алуу үчүн арыз менен кайрылган кишинин документтерин укук тартибин коргоо боюнча тийиштүү мекемелер жана миграция органдары текшерип чыгышы керек", - деди ал "Озоди" радиосуна.

Түрк визасын алуучуларга да мындай документ айрым өлкөлөрдө ушундай ыкма менен – учар алдында, аэропорттон берилет. Кошмо Штаттардын жарандары, мисалы, Түркияга визаны аэропортко барганда, чек ара көзөмөлүнөн өтөрдүн алдында алышат.

Түркия Тажикстандын жарандары үчүн туристтик жана ишкерлик максатында каттаган негизги багыттардын бири болуп калган. Андыктан тажик жарандары Түркияга эми визасыз бара албай турганы жөнүндөгү кабарды социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары да кызуу талкуулап, өкүнүчүн жана чочулаганын айтып жатышат.

Тажикстандык саясат талдоочу Абдумалик Кодиров түрк бийлигинин соңку чечимин сот аркылуу далилдене элек айып үчүн "кошо жазалоо" аракети деп баалады:

"Түрк өкмөтүнүн чечимине орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Тажикстанга байлап уюштуруп жиберген "маалыматтык чыңалуу" түздөн-түз же кандайдыр бир кыйыр түрдө таасир этти болушу керек. Себеби Стамбулдагы теракт мурдараак болгон, Түркия анда эч кандай радикалдуу кадамдарга барган эмес. Дагы бир айта кетүүчү жагдай – Түркия азыр Тажикстандын бардык жарандарына карата "кошо жазалоо" ыкмасын колдонгондой болууда. Ооба, тажик жарандыгы бар бир нече киши кылмышка шек саналууда, бирок көз каранды эмес сот органынын алардын күнөөсүн далилдеген өкүмү чыга элек. Эми башка өлкөлөр да ошондой кадамга барабы? Андай болбойт деп үмүттөнөлү".

Анкара - Дүйшөмбү алакасы

Бир апта ичинде Тажикстандан Түркияга алты жолу учак каттайт. "Озоди" радиосу белгилегендей, жүргүнчүлөрдүн көбү - ишкерлер жана бизнес-структуралардын өкүлдөрү. Стамбул тажик жарандары үчүн башка өлкөлөргө жетип алуу жолундагы негизги транзиттик түйүн да болуп калган.

Тажикстан менен Түркия ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылы, Тажикстан өз эгемендигин жарыялаган кезде түзүлгөн. Тажик тышкы иштер мекемесинин расмий маалыматына караганда, 2022-жылы эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү көлөмү 351,2 миллион долларды түзгөн.

Тажик жарандары үчүн Түркияга визасыз режим 2018-жылы киргизилип, бул өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышчу.

Түркия тажикстандыктар эң көп эмгектенген Орусия менен Казакстандан кийинки эле өлкө. Расмий эмес маалымат боюнча, Түркияда жети миңге жакын тажикстандык иштейт.

Быйыл 22-мартта Москвадан 20 чакырым алыс Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залына куралдуу кол салуу болгон. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кылмышка шек саналып ондон ашуун киши кармалганын, алардын көбү теги тажикстандыктар экенин жарыялаган.

Теракттан каза болгондор 145ке жетти, жараат алгандар 600дөн ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG