Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

"Көчөдө баспай калдык". Орусияда мигранттарды текшерүү күч алды


Орусиянын полициясы миграциялык борбордон чет элдик жаранды кармап баратат.
Орусиянын полициясы миграциялык борбордон чет элдик жаранды кармап баратат.

"Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин Москва миграциялык мыйзамдарын дагы катаалдатууну көздөп жатат. Орусиядагы кыргызстандыктар көчөдө, үйдө текшерүүлөр көбөйүп, борбор азиялыктарга мамиле өзгөргөнүн айтышууда. Кыргыз парламенти мигранттардын соңку абалына кайрылды.

Тилек (аты өзгөртүлдү) Орусиянын "кара тизмесинде" экенин, ага бул өлкөгө өмүр бою кирүүгө тыюу салынганын жакында эле билген. Орусияда иштеп келип, Кыргызстандан кайра баратканда артка кайтарылган.

"Мен Сахарового анализ тапшырганы баргам. Жакшы деп чыккан. Кыргызстанга келип, кайра Орусияга баратканда артка кайтарышты. Мага бир эле кагазды берген. Ал жакта мыйзам бузган эмесмин. Юристтерге кайрылсам, бул өлкөгө киргенге өмүр бою тыюу салынганын айтышты. Ден соолугума байланыштуу Орусияга кире албайт экем".

Тилекке окшоп "кара тизмеде" экенин эми билгендер, башка себептер менен Орусияга кире албай калгандар Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин дагы көбөйдү.

Каргашалуу окуя Орусияда борборазиялык мигранттарды кармоого шылтоого болгону кабарланууда. Мигранттар күч кызматкерлеринин басымына жана ксенофобия (башка улуттарга карата коркуу жана кастык, шектенүү сезими) күч алганына даттанышууда. Аларды сабап, жашаган жерине кирип барып, өлкөдөн чыгарган учурлар көбөйдү.

Жакында эле полиция Майрамдын үйүнө чейин кирип келип, документтерин текшерген. Учурда Москвада иштеп жаткан маектешибиз көчөдө полиция демейдегиден көп, метролордо каз-катар тизилип турушканын айтып берди:

"Көчөдөн дагы, үйдөн дагы текшерип жатышат. Кечээ эле үйгө келип текшерип кетишти. Кайсы жерде жашасаң, ошол жерде катталышың керек экен. Биздин документтер жайында болгондуктан, текшерип кетишти. Негизи көчөдө аялдарга караганда эркектерди көбүрөөк текшерүүдө. Мыйзам бузбасаң, тийишпейт".


Ал эми Сагын Москвада автобус айдайт. Ал жүргүнчүлөргө көз салып, коопсуздукка көзөмөл кылуу тууралуу эскертүүлөр берилип жатканын айтып берди:

"Көчөгө анча чыкпай калдык. Тажиктерди көбүнчө кармап жатса керек. Мындай окуядан кийин эми кармай беришет. Бул жакта жүргөн анча-мынча тажистандыктар сакалын алып коюшуптур. Бүт эле сакал коюп алышкан эле. Полиция белгилүү жерлерде туруп текшерип жатат. Бизге деле автобусту текшерип тургула деп улам билдирүү келүүдө".

Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобековдун айтымында, "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин аларга кайрылган жарандардын саны беш эсе көбөйгөн:

"Ушул окуядан кийин Орусиядагы мигранттардын абалы кыйындап калды. Жагдайдан пайдаланып күч кызматкерлери, полиция атайын жергиликтүү калк жана ыктыярчылар менен топторду түзүп алып, мигранттар жашаган үйлөргө чейин кирип текшерип жатат. Эч кандай соттун чечими жок эле мыйзамдуу жана мыйзамсыз текшере беришет. Жарандарды алып кетип, жок эле дегенде полиция бөлүмүндө кеминде бир сутка кармап, айып пул салып, кичине эле мыйзам бузса, өлкөдөн чыгарып жатат. Бул абалды жакшылап карашыбыз керек. Жердештерге укук бузбагыла, ал турсун социалдык тармактарга кирбегиле деп айтып жатабыз. Кирсе дагы Украина, согуш тууралуу, дин аалымдарынын баяндарын көрбөгөнгө аракет кылыңыздар деп, этият болууга чакырып жатабыз. "Крокус Сити Холлдогу" окуяга чейин күнүнө өлкөгө кире албай укуктары бузулган 10 адам чалса, андан кийин 50-60ка чейин жетти, эми басаңдап жатат".

Жогорку Кеңештеги тынчсыздануу

Ал арада Орусиядагы мигранттардын абалы Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев маалымат берди.

Анын айтымында, "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген жок. Алардын айрымдары мыйзам бузуп, "кара тизмеге" кирсе, арасында бул өлкөгө биринчи жолу бараткандары дагы бар.

“Айрым жарандар "кара тизмеде" болгон. Кээ бирлери эч кандай тартип бузган эмес. Мурда Орусияга барбагандар деле бар экен. Алардын текшергенге укугу бар, эгерде чет өлкөнүн жараны кооптуу көрүнсө же телефонунда шектүү маалыматтар болсо, аны киргизбейт. Ушуга байланыштуу жалпы 69 жаран кирбей калган”, - деди Имангазиев.

Комитет жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Орусияда мигранттарга карата текшерүү чаралары күчөтүлүшү мүмкүн экенин айтты:

"Крокус Ситидеги" окуядан кийин миграциялык федералдык мыйзамдарга бир аз өзгөртүү кирип, көзөмөл күчөтүлүшү ыктымал. Вячеслав Володиндин (Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы - ред.) демилгеси менен жумушчу топ түзүлгөнү жатат. Мыйзамдар катталдашат деген маалымат бар".

Буга чейин Орусиядагы соңку окуялардан кийин миграциялык саясатты катаалдаштыруу, анын ичинен Борбор Азия өлкөлөрү менен визалык режимди кайра киргизүү демилгеси көтөрүлгөн. Мамлекеттик Думадагы “Адилет Орусия – Чындык үчүн” фракциясы миграциялык процесске көзөмөлдү күчөтүүнү, аны борборазиялык мигранттар үчүн визалык режимди киргизүүдөн баштоону сунуштап чыккан.

Фракция лидери Сергей Миронов коңшуларга визасыз режимди алып салуу ымаланы бузуу катары саналбашы керектигин белгилеген.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Орусияда мигранттарга карата кастык маанай (ксенофобия) күч алганын айтып, Тышкы иштер министрлигин миграция багытында иш алып барууга чакырды:

"Орусияда азыр ушул кол салуудан кийин виза режимин киргизүү үчүн мыйзам даярдап жатышат дейт. Бирок биз бир уюмга мүчөбүз. Кол салууга шек саналып Тажикстандын жарандары кармалганы үчүн Орусияда ксенофобия күчөп баратат. Москвада эле эмес, Орусиянын башка аймактарында дагы мигранттарды куугунтукка алып, кичине кысым көрсөтшүүдө".

Буга чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган 400дөн ашуун чет өлкөлүк жаран депортациялана турганын аталган шаардын сотторунун басма сөз кызматы кабарлаган. Соңку беш күн ичинде Петербургдагы соттордо миграциялык мыйзамдарды бузууга байланыштуу 600дөй иш каралган.

“Фонтанка” сайты анын негизинде 418 адам депортациялоо үчүн чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилгенин жазды.

Буга чейин “Важные истории” сайты Москвада акыркы аптада сотторго миграциялык мыйзам бузуулардан улам 1,5 миңге чукул иш түшкөнүн билдирген.


Кыргызстандын ТИМи антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт куралчан туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта жараат алган адамдардын саны 550дөн ашты. 144 адам мерт болду.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. ТИМдин маалыматына караганда, "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуядан кийин жоголгон бул эки кыздын ДНК анализдери даяр боло элек.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши “терактты ишке ашырууга” шек саналып эки айга камалган. Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминжон жана Диловар менен камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG