Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:17

Украина: орус армиясынын аткылоосунан Николаевдеги мейманкана талкаланды


Николаевдеги чабуулдан талкаланган мейманкана. 28-апрель, 2024-жыл
Николаевдеги чабуулдан талкаланган мейманкана. 28-апрель, 2024-жыл

Соңку суткада орус аскерлери Украинага ракеталык жана учкучсуз учактар менен чабуулду улантты. Украин армиясынын Башкы штабынын маалыматына караганда, ракетадан 32 жана 64 жолу абадан сокку урду. Украинанын аскерий позицияларына жана калктуу аймактарына бир нече ракеталык системалардан 60 жолу чабуул жасаган. Жай тургундардын арасында жараат алгандар бар экени кабарланууда. Көп кабаттуу жана менчик турак үйлөр, жарандык инфратүзүмдөр кыйрап, зыянга учураганы Башкы штабдын баяндамасында белгиленген.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, орус аскерлери аннекцияланган Крым жарым аралындагы Чауд тумшугунан төрт, Херсон облусунун оккупацияланган аймагынан беш дрон учурган. Украин тараптын белгилешинче, Белгород облусунан С-300 зениттик комплексинин ракетасы учурулган.

Орус армиясынын жекшембиге караган түнү жасаган чабуулунан Николаев шаарындагы мейманкана зыянга учурап, өрт чыкты. Ага жакын жайгашкан дагы бир отел, автоунаа жана жарандык инфратүзүмдөр бүлүнгөн. Бул тууралуу Николаев облусунун жетекчиси Виталий Ким билдирди. Жайкын тургундар арасында жабыркагандар жок. Кимдин айтымында, сокку шаардын аскерий объектилери жок, тарыхый бөлүгүнө жасалган. "Бул чабуул биздин бизнеске, экономикабызга каршы багытталган", - деп жазды ал телеграммга.

Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги Николаевде орус армиясы кеме куруучу завод жана чет элдик жалданма аскерлер жашаган мейманканага чабуул жасаганын билдирди.

Бирок согуш шартында бул маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG