Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:05

Тбилисиде "чет элдик агент" мыйзамына каршы акция өттү


Жекшемби күнү Тбилисиде "чет элдик агент" жөнүндөгү мыйзамга каршы оппозициянын жүрүшү өттү. "Эхо Кавказа" билдиргендей, демонстранттар Республика аянтынан шаардын борборундагы грузин парламентинин имаратын көздөй жөө жүрүш жасашты. Жүрүштүн катышуучулары "орус мыйзамына жол жок" деген ураан менен чыгышты. Парламенттин имаратына “Орусия – оккупант” деген жазуу жана Грузиянын желегинин элеси түшүрүлдү. Оппозиция "чет элдик агент" жөнүндөгү мыйзамды бийликтеги партия Москванын көрсөтмөсү менен кабыл алып жатканын билдирүүдө. Мыйзам долбоорунун авторлору муну четке кагууда.

Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы 29-апрелде мыйзам долбоорун колдогондорду көчөгө алып чыгаарын айтууда. Жекшемби күнкү митингде демонстранттар мыйзам долбоорунун жактоочулары үчүн даярдалган сахнага өтүүгө аракет кылышты. Бир нече адам кармалды. Алардын арасында Грузиянын евроинтеграция боюнча мурдагы министри Алекси Петриашвили да бар. Ички иштер министрлиги аны майда бейбаштык жана милицияга баш ийбеген деп айыптоодо.

Грузиянын парламенти дүйшөмбү күнү мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулайт. 2023-жылы мыйзам долбоорунун авторлору нааразылык акцияларынан кийин документти чакыртып алган.

18-апрелде мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынган. 15-апрелде ал парламенттин юридика комитетинде колдоо тапкан.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген «чет элдик агент» мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы айыптап жаткан «Чет өлкөлүк таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясы сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG