Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы: Баткенде Бактыяр Калпаев алдыда


Камчыбек Ташиев активист Бактыяр Калпаев менен басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 19-март, 2019-жыл.
Камчыбек Ташиев активист Бактыяр Калпаев менен басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 19-март, 2019-жыл.

Бир мандаттуу Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берүү аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, Баткен округунда 24,38% шайлоочу (27 396 адам) добуш берди.

Аймактык шайлоо комиссияларынан 95% маалыматтар алынды. Анда 40,97% добуш менен Бактыяр Калпаев алдыга чыкты. Экинчи жана үчүнчү орундарда Кеңеш Салихов (13,14%) менен Асылбек Мадалиев (12,71%) турат.

31 жаштагы Бактыяр Калпаев жеке ишкер. “Комфорт Хаус” курулуш компаниясынын жетекчиси. Ал 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынын жаштар канатынын өкүлү катары, парламенттик шайлоого катышкан. Кийин аталган партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев Калпаевдин мандат албай калганына өкүнгөн жайы бар. 2020-жылга чейин Калпаев активист катары чек ара маселелерин чечүү зарылдыгын айтып, маалымат жыйындарды уюштурган. Соңку 2021-жылдагы парламенттик шайлоого бийликчил “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышкан.

Баткен округунда Ош менен Кара-Сууга салыштырмалуу шайлоочулар активдүү катышты.

Бул шайлоо аймагында 81 добушкана ачылган жана 10 талапкер ат салышкан. Шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.

Борбордук шайлоо комиссиясы февраль айында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында бул округдан шайланып келген Нурлан Ражабалиевди өзү жазган арыздын негизинде мандаттан ажыраткан.

Ражабалиев 2021-жылдын баында “коррупция” беренеси менен соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 миллион, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 миң сом төгүп берген жана кийин соттуулугу жоюлганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG