Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

Ош менен Кара-Сууда 18.00гө карата добуш бергендер 15% жеткен жок


Баткен шайлоо окуругунда добуш бергендер салыштырмалуу көп.
Баткен шайлоо окуругунда добуш бергендер салыштырмалуу көп.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу үч округда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо саат 18.00гө карата добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, Баткен округунда тизмедеги шайлоочулардын 20,53% (23 067 адам) добуш берди. Ал эми Ош округунда добуш бергендер 14,16% (17 751 адам ) жана Кара-Суу округунда 13,67% шайлоочу (15 319 адам) добуш берди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылган. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулган, шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Баткен округунда 81 добушкана ачылды, шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан үч округда 29 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

Кыргызстанда буга чейинки шайлоолор дагы солгун өтүп келген.

Добуш берүү саат 20.00дө аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG