Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

"Милициянын үч полковниги кармалган". Маңзатка каршы күрөштөн майнап чыгабы?


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстан аркылуу сыртка, чет өлкөлөргө маңзат ташуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ аныкталганын, эки мүчөсү колго түшкөнүн билдирди. "Манас" бажысы менен чогуу жүргүзгөн операциянын негизинде ири өлчөмдөгү маңзат алынганын маалымдады.

Кыргызстанда соңку апталарда маңзатка каршы күрөш күчөтүлдү. Буга ириде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маңзат сатуунун ар кандай жаңы жолдору пайда болгонун, ага укук коргоо органдарынын да кызматкерлери аралашкан учурлар бар экенин эскерткени себеп болду.

Былтыр маңзат соодасына байланыштуу кармалган күч органдарынын өкүлдөрүнүн арасында милициянын үч полковниги дагы болгон.

"Маңзат ташыган жол буулду"

Атайын кызмат "Манас" бажысы менен жүргүзгөн операцияда Кыргызстан аркылуу Казакстан, Өзбекстан жана Кытай өндүү чет өлкөлөргө маңзат ташуунун туруктуу, калыптанып калган жолу буулганын кабарлады. Бишкек шаарындагы кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашык апийим куурайы алынган. Лабораториялык иликтөөлөрдүн негизинде курамында "Кодеин" жана "Морфин" бар баңги жана психотроптук заттын жалпы өлчөмү 350 килограммга жакын экени аныкталгандыгын билдирди.

Соңку күндөрү Кыргызстанда маңзат соодасына каршы күрөш күчөдү. Буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баңгизатка каршы аёосуз күрөш жүрүшү керектигин эскерткен билдирүүсү себеп болду. Ал 17-апрелде Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарына барганда маңзатты колдонуу, сатуу жана таратуу чоң көйгөйгө айланганын белгилеген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Наркобизнес деген чынында эле наркобизнес болуп кетти бүгүнкү күндө. Өлкөбүздө наркотик заттарды колдонуу масштабы, анын зыяны өтө чоң болуп бара жатат. Биз буга каршы аёосуз согуш жарыялашыбыз керек. Бардык укук коргоо органдарынын жумушун эми мен ушуну менен гана баалап билем. Коомубузда, айрыкча жаштар арасында, мектептерде ЖОЖдордо таркаткан, айрыкча синтетикалык баңгизатты колдонгондор көбөйүп кетти. Маңзатты бизге башка өлкөлөрдөн алып келгендер, бул жакта лабораторияларды ачкандар дагы көбөйүп кетти. Маңзатты мурдагыдай колдон-колго эмес, ар түрдүү жаңы технологиялар менен тарката башташты. Татынакай балдар-кыздарыбыз маңзаттан көз каранды болуп баратат. Тим койсок, кийин алардын колунан жакшылык келбей калат. Эгер баңгизатка байланыштуу абал мындан ары дагы ушундай эле бойдон кете берсе, канча бир жылдардан кийин коомубуз чоң көйгөйгө кабылышы мүмкүн".

Маңзат соодасына аралашкандар

Ташиев күч органдарына айрыкча түнкү клуб өңдүү эс алуу жайларына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган:

"Мындан ары кимде ким наркотик заттарды таратууга аракет кылса же таратса, буга байланыштуу кылмыштуу иштерин жүргүзсө, мыйзам чегинде жоопко тартышыбыз керек. Айрыкча түнкү клуб, кафе-ресторандардагы жагдайды, укук коргоо органдары, көзөмөлгө алыңыздар. Бул президентибиздин бизге койгон тапшырмасы. Ушул багытта көбүрөөк, чоңураак жумуштарды аткарыңыздар. Мындан ары бул чоң көзөмөлгө алынат. Мен ушул жерден наркобарондор менен укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин камыр-жумур болуп алган учурларын дагы айтып коюшум керек. Тактап айтканда, буга укук коргоо органдарынын кээ бир кызматкерлери өздөрү кирип кетип жатат. Былтыр жана быйылкы жылдын үч айында эле 12 милиция кызматкери маңзат бизнесине байланыштуу кармалды. Кошулуп сатышып, жолдорун үйрөтүп, "крышовать" этип жүргөндөр көбөйүп жатат. Мына ушулар боюнча дагы чоң жумуштарды аткарышыбыз керек".


Буга чейин маңзат соодасын уюшкан кылмыш топтору көзөмөлдөп жүрөрү айтылып келген. Былтыр октябрда кримтөбөл Камчыбек Көлбаев атайын операцияда атып өлтүрүлгөндөн кийин бул жаттагы "каралардын" таасири азайып-азайбаганы тууралуу суроолор жаралган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" курган маегинде маңзат ташуу токтоду деп бүтүм чыгарууга эрте экенин билдирген:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

"Ооганстанда "Талибандын" келишинин бир жакшы жагы - алар апийим айдоону токтотту. Ооган аймагынын 90% аймагында өстүрүлбөй калды. Бирок муну менен маңзат ташуу дагы токтоду деп айтуу мүмкүн эмес. Булар бир канча жылдан бери миңдеген тонна маңзат өндүрчү. Ошолордун запасы дагы он жылга чейин аткезчилик жол менен сыртка ташыганга кенен жетет. Көп жылдар бою калыптанып калган түндүк каттам деген бар. Ал - Тажикстандын, Кыргызстандын аймагы менен Казакстанга, андан ары Орусияга жана Европага барчу каттам. Бул бизнеске уюшкан кылмыштуу топтор менен кошо биздин укук коргоо органдардын кызматкерлери, жөнөкөй эле кызматкерлер эмес, жетекчилери дагы аралашкан болушу мүмкүн. Алар дагы четинен кармалып жатат. Жакында эле Ошто дагы кармалды. Алардын жардамысыз маңзатты аткезчилик жол менен ташуу өтө кыйын. Анткени анын бардык жол-жобосу түзүлгөн, көзөмөлдөө механизмдери бар. Коррупцияга аралашкан кызматкерлер бар, биз ошолорду тазалашыбыз керек. Ал иш жүрүп жатат".

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Марсел Дөөталиев "Азаттыкка" курган маегинде маңзат соодасына шек саналган кызматкерлерден арылуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди:

"Биздин кызмат ушул багытта иш-чараларды жүргүзүп жатат. Бир жыл мурда биз ошол убакта иштеп жүргөн милициянын үч полковнигин кармаганбыз. Алар Оогандан чыгарылуучу маңзатты ташууга тиешеси болгон. Ири өлчөмдөгү маңзат алынып, бул кызматкерлер жоопко тартылган. Менин билишимче, экөө камактан чыгарылып, соттун бул чечими кайра жокко чыгарылып, бирөө азыр издөөдө жүрөт. Биз бул багытта жумушту кеңири алып барабыз".

"Милициянын үч полковниги кармалган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:41 0:00


Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы милиция кызматкери Туратбек Мадылбековдун пикиринде, маңзатка каршы күрөштө күч органдарын ичинен тазалоо маселеси учурда деле курч турат:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

"Ооган апийиминин Кыргызстанга кире турган эки эле жолу бар, чындап келгенде. Анан анча-мынча ууру жолдор бар, бирок алар татаал. Биздин милиция кызматкерлери маңзат соодасына аралашып кетип жатканы, ошол жолду көзөмөлдөп жаткандары, наркокурьерлер, наркоборондор менен иштеп жаткандары да бар. Мындай адамдардын органда иштешине жол берилбеши керек. Булардын баарын тазалабаса, бир кумалак бир карын майды чиритет болуп, милициянын баркына доо кетет".

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 20-апрелде Ошто маңзат соодасына каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу кезексиз жыйын өткөрүлгөн. ИИМден кабарлашкандай, анда "баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу, ири өлчөмдөгү маңзатты тартып алуу иштерин күчөтүү" милдети айтылган.


"Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттардын контрабандасын токтотуу, нарколабораторияларды аныктоо жана жоюуга байланыштуу бир тапшырмалар берилди. Кызматкерлерди сак болууга жана жарандардын коопсуздугун биргелешип камсыз кылууга чакырдык", - деп жазылган маалыматта.

ИИМдин өкүлү Марсел Дөөталиевдин билдиришинче, соңку кездери синтетикалык маңзаттарды сатуу, таратуу маселеси дале курч турат:

"Синтетикалык баңгизаттар негизинен Орусия, Казакстан жана Кытайдан келет. Биздин өлкө маңзат ташылган түндүк каттамда турат. Учурда түндүк каттам эки тараптуу болуп жатат. Биз аркылуу ооган маңзаты Европа, Орусияга ташылат. Орусия, Казакстан жана Кытайдан синтетикалык баңгизаттар келип жатат. Биздин өлкөдө синтетикалык баңгизаттар 2017-жылдан тартып пайда болду. Бул жаман көрүнүш 2021-2022-жылдары кеңири тарай баштады. Биздин кызматта буга байланыштуу атайын башкармалык түзүлгөн. Синтетикалык баңгизат интернет аркылуу, адамдар өз ара байланышпаган жол менен таратылат. Ошондуктан бул башкармалыктын ичинде IT тармагын жакшы түшүнгөн кызматкерлерден турган бөлүм ачылган. Мен ата-энелерге дагы кайрылып кетет элем. Балдарына жок дегенде күнүгө 20 мүнөт убактысын бөлүп, баласы эмне менен алектенип жатат, жүрүм-туруму кандай экенин байкап турса... Анткени синтетикалык маңзат колдонгон балдарды бат эле билип койсо болот. Алардын кыялы бузулуп, башкача болуп өзгөрүп калат. Эгер ага чейин тынч жүргөн бала болсо ал агрессивдүү болуп калат, тескерисинче, шок балдар жоошуй түшөт. Балдарды көздөрүнөн эле байкап койсо болот - алардын кареги өзгөрөт. Ата-энелери менен байланышкысы келбей кача баштайт, окуудан аксайт. Бардык эле ата-эне баласы маңзат колдонуп жүргөнүнө ишенгиси келбейт, бирок бул - бүгүнкү күндүн коркунучу".

Атайын кызмат, ИИМ соңку күндөрү Ош шаарында, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында баңгизат сатууга шек саналган жарандарды кармап, шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү.

Баткен облусунда дагы маңзат соодасына байланыштуу окуялар катталды. ИИМ 22-апрелде Лейлек районунда коңшу өлкөнүн жараны Тажикстандан ири өлчөмдө баңгизат ташууга жана сатууга шек саналып колго түшкөнүн билдирген. Анда Жаштык айылынын жанында Кожент - Канибадам жолунда кармалып, жанынан 7,7 килограммдан ашык ооган гашиши алынганын маалымдаган.

Анын алдында ИИМдин Маңзатка каршы күрөш кызматы узак убактан берки операциянын негизинде ооган маңзатын ташуунун туруктуу жолуна бөгөт коюлду деген маалымат тараткан.

"Натыйжада Баткен облусу аркылуу маңзат ташыган эл аралык уюшкан баңги кылмыш тобунун эки мүчөсү кармалган. Операцияда маңзат ташууга ылайыкташкан жашыруун жайлары бар эки машина, 64 килограм ооган тектүү гашиши (чарс) алынган", - деп жазылган маалыматта.

Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин ИИМ Бишкекте бир катар түнкү клубдарга рейд өткөргөн. Маңзат колдонууга шек саналгандар медициналык кароодон өткөрүлгөн. Социалдык тармактарда милиция мындай жайларга келгендерге ашкере күч колдонуп, орой мамиле жасаганы тууралуу даттануулар болгон. Милиция мындан ары мындай текшерүүлөр дагы улантыларын эскерткен.

"Дарыкана баңгилиги"

Адистер соңку жылдары өлкөдө “дарыкана баңгилиги” күчөп, адамдар, айрыкча өспүрүмдөр маңзат катары кадимки дарыканада сатылуучу атайын каражаттарды көп колдоно башташканын, анын кесепети оор экенин белгилеп келишет.

Кыргыз өкмөтү таасири күчтүү дары-дармектердин тизмеги кеңейтилип, аларга тыюу салынарын билдирген.

Жыл башында Жогорку Кеңеште дарыканаларда күчтүү таасир берүүчү заттар ачык сатылып жатканына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Анда парламент бул көйгөйгө каршы күрөштү күчөтүп, алдын алуучу чараларды көрүүгө байланыштуу атайын токтом кабыл алган.

ИИМдин өкүлү Марсел Дөөталиев бул жаатта иш-аракеттер көрүлүп жатканын айтууда:

"Силер деле билсеңер керек, 2023-жылдын аягында Ош базарында биз чоң рейд өткөргөнбүз. Былтыр жалпысынан алты кылмыш иши козголгон. Дарыканалардын кызматкерлери, соодагерлер жоопко тартылган".

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жылдын ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлган.

Үч жылдын ичинде маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, маңзат соодасына аралашкандарга мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу өңдүү жаза каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG