Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:09

Базардагы "медицина": кир клиника, күмөндүү дарылар


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана депутат Аида Исатбек кызы. Ош базарындагы рейд учуру. 31-октябрь, 2023-жыл.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана депутат Аида Исатбек кызы. Ош базарындагы рейд учуру. 31-октябрь, 2023-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги милиция менен бирге Ош базарында мыйзамсыз дары-дармек саткандарга каршы рейд жүргүзүп, бир нече жайды жапты.

Ошондой эле базардагы медициналык ар кандай кызмат көрсөткөн клиникалар, сулуулук салондору текшерилип, айрымдарынын тийиштүү документтеринин жоктугу жана санитардык талаптарга жооп бербегени аныкталды.

Сапатсыз жана баңги жасалуучу дарылар

31-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги текшерген учурда мыйзамсыз дары саткан беш контейнерге айып пул салынып, милиция айрым дары-дармектерди экспертизага текшерүү үчүн алып кетти.

Рейд учурунда тартылган сүрөттөр.
Рейд учурунда тартылган сүрөттөр.

Текшерүүгө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, парламент депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чынгыз Айдарбеков чогуу чыккан.

Министр Бейшеналиев контрафакт, башкача айтканда жасалма, сапаты начар дарылар калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.

“Жасалма же сапатсыз дары каражаттарын жарандарыбыздын алышына жол бербеш керек. Биздин максатыбыз – базардагы медициналык товарлардын коопсуздугун жана сапатын камсыздоо”, - деди министр.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери рейд учурда сатууга тыюу салынган, таасири күчтүү препараттар табылганын, материалдар Тергөө кызматына жөнөтүлгөнүн билдирди.

Маңзат жасалуучу дарылар көзөмөлсүз сатылып жатканы аныкталды. Милициянын өкүлү соңку кезде мектеп окуучулары, жаштар арасындагы "дары баңгилигинин" тымызын кулач жайышына ушундай жайлар себеп болуп жатканын белгиледи.

Кыргызстанда дары-дармек эч көзөмөлсүз сатылган ири жайлардын көбү Ош базарында жайгашканы. Кечээ рейд жүргөнү менен, бүгүн кайра эле жол жээктериндеги жайма базарларда дары-дармектер ачык асман алдында сатылууда. Бул жактан дарыгердин рецепти жок эле алсаң болот.

Дары-дармек тармагы качан көзөмөлдөнөт?

Базарда айрым шаар тургундарына микрофон сундук. Алардын бири Айгүл базарда дары арзан жана жеткиликтүү экенин айтты:

"Ооруп жатканда айла жок арзан деп аласың. Айрым учурда аптекада жок дарылар базардан табылат. Мындай дарыканалар кээде жөнү жок кошуп сатышат".

Ал эми шаар тургуну Гүлбүбү колдон келсе, ишеничтүү дарыканаларды алууга аракет кылаарын билдирди:

"Базарда саткандар чаң жерде турат, айрым дарылардын мөөнөтү өтүп кеткен. Ошондуктан ишеничтүү дарыканалардан эле алган оң".

Эксперттер базардагы дарылардын сапаты начар жана аткезчилик менен ташылып келерин айтып жүрөт.

Медицина тармагындагы адис Бермет Барыктабасова бейчеки сатылган дарыларга каршы күрөш жүргүзүү үчүн мындай сунуштарды айтты:

"Рейд менен маселе чечилбейт. Бирок бул көйгөйдү көтөрүп чыккандарды колдойм. Анткени базардагы дарылар - контрафакттык товар. Эмнеден жасалганы, кайсы компания алып келери белгисиз. Министр ушул маселени чечип берсе, мактоого татыйт. Бирок министрликтин колунан келбейт. Көп жылдардан бери эле айтылып келет. Алгач мэрия мындай дары соодасын токтотууга жардам бериши керек. Базарларга алар көзөмөл кылат. Экинчиден, күч органдары мыйзамсыз сатуу менен күрөштү күчөтүү керек. Рейд кылып кеткенден бир сааттан кийин эле кайра ачып алат. Айып пулдар аябай аз болуп калган. Күнүнө 5 миң сомго соода кылганы 500 сом айып пулду жөн эле төлөп коёт. Негизи, министрликтин бул маселени көтөрүп чыкканы жакшы болду. Мындай дарылар өлкөгө аткезчилик менен фураларда ташылып келет", - деди эксперт.

Жакында Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда мамлекеттик 35 дарыкана ачылып, анда айрым дарылар арзан сатыла турганын билдирген. Учурда мындай дарыканалардын бир нечеси ачылды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште 6-октябрда өткөн коомдук угууда мындай деди:

“Бир-эки айда 35 дарыкананын имараты даяр болот. Азыр биздин адистер элге керектүү дары-дармектердин тизмесин даярдап, аны кайсы жактан алууну тактап жатат. "Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары өндүрүүчүлөрдөн дары сатып алынып, арзан жана жогорку сапатта элге жеткиликтүү болот”, - деди министр.

Бейшеналиев Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын, өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин маалыматында, Кыргызстан дары-дармектин 97% чет өлкөдөн импорттойт.

Негизинен отуздан ашык өлкөдөн ташылат. Бул жагынан биринчи орунда Түркия, андан кийин Орусия менен Индия турат. Дары-дармектер көп импорттолгон өлкөлөрдүн катарына Германия, Польша, Словения, Франция, Беларус жана Украина кирет.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген 6 миңден ашуун дары-дармек катталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Талапка жооп бербеген клиника, сулуулук салондору

Рейдге чыккандар дары-дармектен тышкары Ош базардагы стоматология, гинекология клиникаларын, сулуулук салондорун текшерди. Көпчүлүгүндө тазалык, санитардык талаптар сакталбаганы аныкталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы соңку учурда жугуштуу оорулар көбөйүп жатканына көңүл бурду.

"Статистиканы карасак, кан аркылуу жугуучу гепатит көбөйүп жатат. Бул абдан кооптуу. Ошондуктан медицина тармагына тыкыр көзөмөл керек", - деди эл өкүлү.

Рейд учурунда тартылган сүрөт.
Рейд учурунда тартылган сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, өлкөдө лицензиясыз эле медициналык кызмат көрсөткөндөрдүн саны 3 миңге чамалайт.

Мындай клиникаларга кайрылып, майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар катталган. Министрлик базардагы медицина соодасы, кызмат көрсөтүүнү текшерүү улантыларын билдирди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG